Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 569-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын экинчи каржылоо» Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүш саясаты жаатындагы экинчи операция» боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуунун долбоорлорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-июлу № 569-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлор жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын экинчи каржылоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүш саясаты жаатындагы экинчи операция» долбоору боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |