Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 133
Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
39-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) чек ара органдары;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
«12) мамлекеттик күзөт органдары.»;
б) 3-бөлүктө «3–5, 7–9 жана 10-пункттарында» деген сөздөр «3–5, 7–10 жана 12-пункттарында» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин он экинчи абзацы «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик күзөт» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 12-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен;»;
3) 15-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы «коргоо» деген сөздөн кийин «, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт» деген сөздөр менен толукталсын;
4) 20-берененин экинчи абзацы «коргоо» деген сөздөн кийин «, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«Кызматына ылайык келбегендиги же дискредитация боюнча мамлекеттик жана аскердик кызматтан бошотулган талапкерлерди, бошотулган мөөнөтүнө карабастан, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган карабайт.».
3-берене
«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Куралдуу Күчтөр коргонуу меселелерин тескөөчү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аскердик башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн, мекемелеринен, аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.».
4-берене
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-жыл, № 5, 488-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин жана анын орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;»;
2) 41-берененин 1-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тутумуна» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 43-берененин 12-пунктунда «кирүүсүн» деген сөз «чыгуусун» деген сөзгө алмаштырылсын.
5-берене
«Контрчалгындоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60–61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) мамлекеттик күзөт органына.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1–3, 5, 7–9, 12–15, 18, 20, 22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.».
6-берене
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60–61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана башка уюмдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мекемелерин атайын (шифрленген, жашыруун, өкмөттүк) байланыш түрлөрү менен камсыз кылуу;»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) атайын байланыш түрлөрүн уюштурууда криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, бул ишти мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.»;
2) 8-берененин 1-бөлүгүндө «, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөр» деген сөздөр алып салынсын;
3) 12-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 19-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) маалыматтык инфратүзүм объекттеринин коопсуздугун криптографиялык жана инженердик-техникалык методдор менен камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде мамлекеттик сырды түзгөн берилүүчү маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуучу шифрленген, жашыруун, өкмөттүк байланыш тутумдарын уюштурууда жана эксплуатациялоодо.»;
6) 20-беренеде:
а) 18 жана 23-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24) Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде атайын (шифрленген, жашыруун, өкмөттүк) байланыш түрлөрүн уюштурууга жана берүүгө, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылууга; шифрлөө кызматынын, жашыруун өкмөттүк байланыштын борбордук органынын функцияларын аткарууга; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын (шифрлөө каражаттарын) жана улуттук криптографиялык алгоритмдерди иштеп чыгууга, түзүүгө, өркүндөтүүгө катышууга;»;
в) 25-пунктта:
– биринчи абзац «иштеп чыгууну,» деген сөздөрдөн кийин «сертификаттоону,» деген сөз менен толукталсын;
– экинчи абзацта «шифрлөө каражаттарын» деген сөздөр «маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын (шифрлөө каражаттарын)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 21-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) чалгындоо, контрчалгындоо ишин, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда атайын методдорду жана каражаттарды пайдаланууга;»;
б) 13-пунктта «маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдардын» деген сөздөр «маалыматтык инфратүзүм объекттеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана башка юридикалык жактардан, аскердик түзүлүштөрдөн жана коомдук бирикмелерден, ошондой эле жеке жана башка эмгек ишин жана ишкердиктин башка түрлөрүн жүргүзүүчү адамдардан белгиленген тартипте суратып алууга;»;
г) 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 34-берененин 1-бөлүгүндө «маалымат тутумдарын» деген сөздөр «маалыматтык инфратүзүм объекттерин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 40-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 41-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 42-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда «кайтарууга алынган объекттерге,» деген сөздөр алып салынсын.
7-берене
«Мамлекеттик күзөт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2023-жылдын 27-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21) мамлекеттик күзөт органы – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тутумунда аскердик түзүлүш болуп саналуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын жыйындысын жүзөгө ашыруучу атайын мамлекеттик орган;»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 101-берене менен толукталсын:
«101-берене. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу
1. Мамлекеттик күзөт органынын жобосу, түзүмү, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана жарандык кызматкерлерден түзүлөт.
2. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын офицердик курам, прапорщиктер жана жарандык персонал түзөт.
3. Мамлекеттик күзөт органына кызматка жана ишке өзүнүн жеке, моралдык, кесиптик, психологиялык сапаттары, билими жана ден соолугунун абалы боюнча мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, ошондой эле мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат.
4. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билим деңгээлине, стажына, кесиптик билимдерине жана көндүмдөрүнө карата квалификациялык талаптар жана аскердик кызматка кабыл алуунун башка шарттары «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасына ылайык белгиленет.»;
3) 11-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 81–84-пункттар менен толукталсын:
«81) объекттерде, көчөлөрдө, жолдордо жана жерлердин участокторунда оңдоо-курулуш жана башка иштерди мамлекеттик органдардын же менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жүргүзүүсүн контролдоого, чектөөгө же тыюу салууга, эгерде алар кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугуна коркунуч келтирсе;
82) кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдарга, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча штаттык кызмат орундарын ээлөө үчүн мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери аскердик кызматта калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте иштөөгө жиберилиши мүмкүн. Иштөөгө жиберилген кызматкер тарабынан ал иштөөгө жиберилген мамлекеттик органдын административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө сынактык тандоодон тышкары жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик органдарга, ошондой эле ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга иштөөгө жиберилген мезгилде кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, кепилдиктер, жеңилдиктер, компенсациялар, пенсиялык камсыз кылуу жана социалдык коргоо сакталат;
83) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууга, мыйзамдарга ылайык алдын алуучу таасир берүү чараларын көрүүгө;
84) Кыргыз Республикасынын жарандарын штаттан тышкаркы кызматкерлер катары тартууга. Штаттан тышкаркы кызматкердин ыйгарым укуктары жана статусу мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат;»;
б) 16-пунктта «пайдаланууга» деген сөз «даярдоого жана пайдаланууга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 21-беренеде «улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси» деген сөздөр «Президенти» деген сөзгө алмаштырылсын.
8-берене
«Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 1-июлу, № 48) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.».
9-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |