Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-июлу № 269
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз
Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик антикоррупциялык стратегияны ишке ашыруу боюнча планды актуалдаштыруу аркылуу аны практикалык жана өз убагында ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн):
- 9-главанын 11-пунктундагы «2025-жыл» деген сөздөр «2026-жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |