Загрузка документа…
ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЕҢЕШИ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2025-жылдын 18-декабрындагы №185
Терек-Сай айылындагы спорт залга тренажер алууга каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айылындагы спорт залга 2025-жылдын 16-июлунда чыккан № 91-токтом боюнча ноутбук, принтер алып берүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу, ошол токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатына 2 даана тренажер алып берүү үчүн багытын өзгөртүп берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айылындагы спорт залга 2025-жылдын 16-июлунда чыккан № 91-токтом боюнча ноутбук, принтер алып берүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу, ошол токтомдо көрсөтүлгөн 55 000 (элүү беш мин) сом акча каражатына 2 даана тренажер алып берүү пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы: |
Абибакир у.Ж. |