Редакцияот 18.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КЕҢЕШИ

 

Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын

 

2025-жылдын 18-декабрындагы №187

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 – 1-Май участкаларындагы айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 – 1-Май участкаларындагы (6,5 км) айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 – 1-Май участкаларындагы (6,5 км) айылдарга күндөн энергия алуучу түнкү электр жарыктарын орнотуу үчүн 8 201 356 (сегиз миллион эки жүз бир мин үч жүз элүү алты) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Терек – Сай айыл аймагынын айылдыккеңешининтөрагасы:

 

    Абибакир у.Ж.