Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 268 Жарлыгынын) |
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын
концепциясы
1-глава. Киришүү
Ушул Концепция эл аралык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багыттарынын жана артыкчылыктарынын системасын түшүндүргөн Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун бекемдейт.
Ушул Концепция тышкы мамилелер жаатында негиз салуучу документ болуп саналуу менен Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү келечекте тышкы саясатынын принциптерин, максаттарын жана артыкчылыктарын аныктайт.
Концепциянын жаңы редакциясын кабыл алуу мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр, өлкөнүн саясий институттарынын алдында турган жаңы милдеттери, Кыргыз Республикасынын өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта коомду андан ары консолидациялоо менен шартталган.
Геосаясий өзгөрүүлөр, дүйнөнүн ар түрдүү региондорундагы аскердик чыр-чатактар, эл аралык укуктун андан ары бузулуу коркунучу, ошондой эле экономикалык жана климаттык чакырыктар менен байланышкан глабалдык күн тартибинде түзүлүп жаткан жаңы чындыктар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык аренада натыйжалуу илгерилетүү жана коргоо зарылдыгын талап кылат. Кыргыз элинин руханий дүйнө таанымы, тарыхы жана маданияты глобалдык дүйнө тартибинде өзүн-өзү аныктоо үчүн булак жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын пайдубалы болуп саналат.
Кыргыз Республикасы үчүн Борбордук Азия региондундагы достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен өнүгүүнүн башкы артыкчылыктарынын жана шарттарынын бири болуп калат. Кыргызстан чектеш өлкөлөр менен Мамлекеттик чек араны делимитациялоону аяктап, тарыхый натыйжага жетишти, бул мамлекеттин тышкы саясатында жаңы доордун этаптын башталышын билдирет.
Ушул Концепциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
Ушул Концепция Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерине таянуу менен өлкөнүн тышкы саясатынын негизги принциптерин жана артыкчылыктарын түзөт.
2-глава. Тышкы саясий иштин негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого, туруктуу жана ырааттуу өнүгүүгө багытталган улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде чет мамлекеттер менен туруктуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган тең салмактуу жана ырааттуу көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзөт.
Кыргыз Республикасы демократия жана рыноктук экономика жолу менен өнүгүп жаткан тынчтыкты сүйүүчү мамлекет катары эл аралык милдеттенмелерин сактоого, адам укуктарын жана эркиндиктерин, жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды урматтоого умтулат, өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде бардык кызыкдар өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерине, глобалдык жана региондук аспекттеринде коопсуздукка негизделген өкүлчүлүктүү, адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти түзүү принциптерине умтулгандыгын ырастайт.
Кыргыз Республикасы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелеринде бардык өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешкен күч-аракеттерге жана өз ара аракеттенүүгө даяр.
Кыргыз Республикасы эл аралык чыр-чатактарды эл аралык-укуктук механизмдерди колдонуу менен саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт жана аларды алдын алууга жана чечүүгө өз салымын кошууну улантат.
3-глава. Эл аралык артыкчылыктар жана өнөктөштүк
Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинде салттуу жана стратегиялык өнөктөштөр артыкчылыктуу орунду ээлейт. Чектеш мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө, Борбордук Азия регионунда көп тараптуу диалогду жана кызматташтыкты кеңейтүү негизги мааниге ээ.
Кыргыз Республикасы Азия, Европа, Түндүк Америка жана ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө, Африка, Латын Америка жана Кариб бассейни, Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүүдө.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) дүйнөлүк эң курч көйгөйлөрдүн чечимдерин издөөнүн универсалдуу механизми катары борбордук ролду бөлүп көрсөтөт, БУУнун Уставын бекем колдойт. Ошол эле учурда заманбап чакырыктардын шартында анын натыйжалуулугун жогорулатууну болжолдогон БУУну реформалоону жактайт.
Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) сыяктуу жана башка региондук уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында көп пландуу ишти, ошондой эле диалог аянтчаларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү улантат.
Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ядролук куралдан эркин зона жөнүндө келишимдин депозитарийи болуп саналуу менен ядролук куралды жайылтпоо режимин чыңдоону жактайт, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда бардык кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүгө даяр.
Кыргыз Республикасы эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууга ачык, тышкы сооданы кеңейтүүнү, эл аралык ресурстарды, түз инвестицияларды, чет элдик технологияларды тартууну, экономикалык дипломатиянын инструменттерин колдонуу менен чет өлкөлөрдөгү улуттук компанияларды колдоону улантат.
Тышкы саясаттын потенциалы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук экономиканы трансформациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле аны ырааттуу өнүктүрүү максатында пайдаланылат.
Кыргыз Республикасы альтернативдик транспорттук маршруттарды жана коридорлорду кеңейтүү, транзиттик жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү жолу менен эл аралык транспорттук жана инфраструктуралык өз ара байланышка багытталган өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.
Улуттук энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы өз ара энергия ресурстарын жеткирүүнү диверсификациялоону, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүн өнүктүрүүнү, «жашыл» экономика жаатындагы долбоорлорду илгерилетүүнү улантат.
Өлкөнүн суу-энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык дипломатиясы диалогду илгерилетүүгө, эл аралык-укуктук базаны түзүүгө жана региондогу суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана натыйжалуу пайдалануунун өз ара пайдалуу экономикалык механизмин иштеп чыгууга багытталган.
Кыргыз Республикасы айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, «жашыл» долбоорлорду кубаттоону кошуп алганда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү, өлкөнүн аймагында аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде азыркы жана келечек муундардын бакубаттуулугу үчүн жаратылыш ресурстарын сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга болгон эгемендүү укугун ишке ашырат.
Кыргыз Республикасы эл аралык аренада тоо күн тартиби боюнча алдынкы позицияны ээлөө менен региондук жана глобалдык деңгээлдерде тоо, климат жана экология боюнча демилгелерди илгерилетүү боюнча ишти активдүү улантат.
Кыргыз Республикасы өлкөнүн уникалдуу табигый-климаттык шарттарына жана маданий баалуулуктарына негизделген улуттук туристтик продуктту өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет. Туризмди илгерилетүү эл аралык беделди бекемдөөгө жана маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасы өлкөнүн жагымдуулугун жана таанымалдыгын жогорулатуу үчүн эл аралык маршруттарды интеграциялоо менен туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ишти активдүү жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү багыты болуп көп кылымдык тарыхка, бай маданий мураска, анын ичинде «Манас» эпосуна жана кыргыз элинин каада-салттарына, ошондой эле өлкөнүн көп улуттуу коомуна негизделген маданий-гуманитардык дипломатия саналат. Кыргыз Республикасы позитивдүү эл аралык беделин калыптандыруу менен өзүнүн тарыхый-маданий мурасын активдүү популярдаштырат.
Кыргыз Республикасы билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо, эл аралык билим берүү программаларын ишке ашыруу, чет өлкөлөрдө көп талап кылынган улуттук кадрларды даярдоо сыяктуу негизги чөйрөлөрдө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган, бул адамдык капиталдын өсүшү үчүн маанилүү.
Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана ата мекендик уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, аларды зарыл болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштарды өнүктүрүү жана алардын улуттук-маданий иденттүүлүгүн сактоого колдоо көрсөтүү көңүл борборунда калууда.
4-глава. Корутунду
Ушул Концепция заманбап эл аралык мамилелердин чындыгына ыңгайлашкан, жагымдуу ынак коңшулукту жана өнөктөштүктү түзүүгө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, дүйнөлүк коомчулукка мындан ары интеграцияланууга жана тышкы саясаттын потенциалын өлкө калкынын кызыкчылыгында пайдаланууга багытталган.
Ушул Концепциянын жоболору ички жана тышкы шарттардын өзгөрүшүнө жараша актуалдаштырылышы жана кайра каралышы мүмкүн.