Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 5-июну №134
2027-2029-жылдарга Мин-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
киреше-чыгаша бөлүгүнүн болжол долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-майындагы корутундусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И. Ягузанын 2027-2029 жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжол долбоору тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2027-2029 жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжол долбоору төмөнкүдөй сунушталсын:
· 2027-жылга – 87 716,8 миң сом өлчөмүндө;
· 2028-жылга – 93 707,8 миң сом өлчөмүндө;
· 2029-жылга – 98 707,8 миң сом өлчөмүндө.
2. Долбоор баштапкы вариантта Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Асаналиев |