Редакцияот 05.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мин-Булак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну №135

Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө

Жобону бекитүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 21-майындагы корутундусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ш.Исмаевтин муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.  Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Айыл өкмөтү муниципалдык мүлктү эсептен чыгарууда бекитилген Жобону жетекчиликке алсын.

3.  Ушул токтом белгиленген тартипте расмий жарыяланууга жана мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.

2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды

4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н.Б.Асаналиев