Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 84/ХVII-29
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73,74,75-беренелерине, 76- беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:
- таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.;
- таштанды чыгаруу үчүн салыктык жыйымды эсептөө жана жыйым акысын төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин деп бекитилсин;
3. Учурдагы жылдын 1-апрелинен кийин жаңы катталган субъектилер үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык төлөөчүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жыйымды төлөө милдеттендирилсин
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |