КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-июлундагы № 257
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жободо:
– 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8-пунктчалар менен толукталсын:
«7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында эки жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлер кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |