Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 22-июлу № 118
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацта ", ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда үч судьядан турган коллегиялар тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
б) үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Конституциялык сотко кайрылуу төмөнкүдөй берилет:
1) жазуу жүзүндө жана ыйгарым укук берилген адам (ыйгарым укук берилген адамдар) тарабынан кол коюлат;
2) Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук формада.";
3) 30-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Конституциялык соттун төрагасы келип түшкөн кайрылууга текшерүү жүргүзүүнү Конституциялык соттун судьяларынын бирине тапшырат.
2. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же болбосо аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн документ катталган учурдан тартып отуз күндөн кечиктирбестен Конституциялык соттун жыйналышка катышкан судьяларынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда жыйналышка төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган учурда, кайрылууну текшерүү тапшырылган, мындан ары судья-баяндамачы деп аталуучу судья ишти жыйналышка даярдоону жүргүзөт, аны кабыл алуудан баш тартылган учурда аныктаманын көчүрмөсү тиркелген материалдары менен арыз ээсине жөнөтүлөт.";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "Коллегия" деген сөз "Конституциялык сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 31-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Конституцияны чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүү, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу иштер боюнча, ошондой эле судьянын (судьялардын) суроо-талабы менен байланышкан иштер боюнча Конституциялык соттун актысы үч айдын ичинде чыгарылууга тийиш.";
5) 32-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде кайрылуунун предмети төмөнкүлөр менен байланыштуу болсо, судья-баяндамачы Регламентке ылайык ишти кароого даярдайт:
- Конституцияны чечмелөө, ошондой эле судьянын (судьялардын) суроо-талабы менен - бир айлык мөөнөттө;
- Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү менен - эки жумалык мөөнөттө;
- мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө иштерди чечүү, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүү, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна корутунду берүү менен - эки айлык мөөнөттө.
Мындан тышкары судья-баяндамачы:
- ар башка жактардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндүрүшүнө бириктирүү жөнүндө же болбосо бир кайрылууда билдирилген ведомстволорго караштуу болбогон талаптарды бөлүү жөнүндө маселени чечет;
- ишти Конституциялык соттун жыйналышында кароого дайындоо жөнүндө аныктаманы чыгарат, жыйналыштын катышуучуларына кабарлайт жана зарыл болгон адамдардын катышуусун камсыз кылат.";
6) 38-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча кароо иштердин төмөнкү категориялары боюнча жүргүзүлөт:
1) Конституцияны расмий чечмелөө жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу;
3) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүү тууралуу;
4) Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу;
5) Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү тууралуу;
6) иштин чечилиши көз каранды болгон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыккан учурда судьянын (судьялардын) кайрылуусу боюнча;
7) Конституциялык соттун чечимин кайра кароо боюнча;
8) Конституциялык соттун чечимине, корутундусуна түшүндүрмө берүү жөнүндө.";
7) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Протоколду жүргүзүү тартиби Регламент менен аныкталат.";
9) 49-берененин 11-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 52-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же аны кабыл алуудан баш тартуу тууралуу аныктаманы кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Конституциялык соттун тыянактары негизделген конституциялык жоболордун чечмеленишин камтуучу же болбосо укук ченемдеринин конституциялык-укуктук маанисин ачып берүүчү Конституциялык соттун чечимдеринин, корутундуларынын, аныктамаларынын, токтомдорунун жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган Конституциялык соттун укуктук позициялары да милдеттүү мүнөзгө ээ.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 522-берене менен толукталсын:
"522-берене. Конституциялык соттун чечимин жана корутундусун түшүндүрүү
Конституциялык соттун чечими жана корутундусу иш боюнча тараптын, судьянын (судьялардын), ошондой эле мамлекеттик органдын кайрылуусу боюнча Конституциялык соттун өзү тарабынан расмий түшүндүрүлүшү мүмкүн.
Конституциялык соттун чечимин же корутундусун түшүндүрүү жөнүндө кайрылууну киргизүү, даярдоо жана кароо тартиби Регламент менен аныкталат.";
12) 53-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Конституциялык соттун чечиминен" деген сөздөр "Конституциялык соттун чечиминен же корутундусунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Министрлер Кабинети Конституциялык соттун чечими же корутундусу келип түшкөн датадан тартып үч айдан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чечимден же корутундудан келип чыккан конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизет.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Конституциялык соттун чечимдеринен же корутундуларынан келип чыккан мыйзам долбоорлору мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан коомдук талкуулоосуз кечиктирилгис катары киргизилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Конституциялык соттун чечимдеринин жана корутундуларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо Регламентте белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |