Загрузка документа…
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет!
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 24-июлу № 122
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 929-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучунун эсебинен жүргүзүлөт. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү камсыздандыруу үчүнчү жактардын эсебинен жүргүзүлө турган учурлар каралышы мүмкүн.";
2) 933-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого (легалдаштырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак жана пайда табуучу жөнүндөгү, ал жактардын мүлктүк абалы жөнүндөгү, ал эми жеке камсыздандырууда алардын ден соолугунун абалы жөнүндөгү да башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.";
3) 947-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештиктерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.".
2-берене.
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 19 жана 20-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында каражаттары камсыздандыруу уюмдарынан түшүүчү камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнүн эсебинен түзүлүүчү юридикалык жак;
20) камсыздандыруу франшизасы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болбогон жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгымдардын бөлүгү.";
2) 7-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Турак жайга милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгон же болбосо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу келишими жок болгон учурда камсыздандыруу уюмдары тарабынан турак жайды ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө тыюу салынат.
Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин милдеттүү камсыздандырууну жабуу лимитинен ашык кошумча камсыздандырууну жабуу же болбосо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу келишими түрүндө гана түзүүгө мүмкүн болот.".
3) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камсыздандыруу окуялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрт (жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын таасири), анын ичинде камсыздандырылган жайдан тышкары чыккан өрт;
2) өрттү өчүрүү боюнча укук ченемдүү аракеттерди жасоонун натыйжасында суунун кирип кетүүсү;
3) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары:
а) жер титирөө - жер кыртышында же мантиянын үстүңкү бөлүгүндө күтүүсүз жылышуулардын жана жарылуулардын натыйжасында келип чыккан жана ийкемдүү термелүү түрүндө узак аралыкка жетүүчү, 5 жана андан жогору баллдагы жер алдындагы силкинүүлөр жана жер үстүндөгү термелүүлөр;
б) сел - анча чоң эмес тоо дарыяларынын бассейндеринде жана кургак кокту-колоттордо күтүүсүз пайда болгон жана эреже катары, нөшөрлөгөн жаандан же кардын тез эришинен улам келип чыккан, минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын (агымдын көлөмүнүн 50-60 пайызына чейин) абдан чоң аралашмалары менен келген агынды;
в) ташкын - кардын, мөңгүнүн эришинин күчөшүнөн же нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан, дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилсиз көтөрүлүшү, дарыянын суу режиминин фазасы;
г) кыртыштын (тоо тектеринин) массалык жылышы - жер массасынын же тоо тектеринин жылышы менен байланышкан жер көчкүлөрдү, таш кулоолорду камтыган геологиялык процесстердин жыйындысы;
д) катуу шамал - гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталган, ылдамдыгы 18 м/сек. жана андан ашык болгон шамал;
е) бурганак - гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталган, 12 сааттын жана андан аз убакыттын ичинде кардын 20 мм же андан көп өлчөмдө катуу жаашы;
ж) мөндүр - жылдын жылуу мезгилинде тыгыз муз бөлүкчөлөрү түрүндө жааган атмосфералык жаан-чачын;
з) чагылган тийүү - чагылгандын турак жайга же болбосо башка буюмдарга түз тийүүсү, анын кесепетинен турак жайдын бузулушу же кыйрашы;
4) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын болушунун натыйжасында турак жайдын бузулуу (кыйроо) коркунучу жарыялангандыгына байланыштуу камсыздандырылган турак жайды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча бузуу жана коопсуз чөлкөмгө көчүрүү.";
4) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу суммасынын 10 пайызына чейинки өлчөмдөгү камсыздандыруу франшизасы турак жайлардын классына жана курулуш сапатына жараша милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет. Камсыздандыруу франшизасын белгилөө үчүн турак жайлардын классын жана курулуш сапатын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
5) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Камсыздандыруу пулун түзүү
1. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Камсыздандыруу пулуна карата талаптар, түзүү, иштетүү, башкаруу, ишти токтотуу, каражаттарды инвестициялоо жана пайдалануу тартиби, камсыздандыруу пулунун уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле камсыздандыруу сый төлөмдөрүнөн камсыздандыруу пулуна чегерүүлөрдүн өлчөмү жана тартиби, камсыздандыруу пулунун камсыздандыруу рыногунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мында:
1) камсыздандыруу пулунун кызмат адамдарына карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) камсыздандыруу пулу турак жайларды милдеттүү камсыздандыруунун алкагында келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик алат;
3) камсыздандыруу пулунун курамында өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүүнү караган тобокелдиктерди башкарууга, кайра камсыздандырууга карата талаптар, ошондой эле кредиттик линияларды жана кепилдиктерди пайдалануу шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Камсыздандыруу пулу тарабынан отчетторду берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби, формалары жана мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат;
4) камсыздандыруу пулунун жана/же анын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) келтирилген зыян камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык жөнгө салынууга же каралууга тийиш.
3. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандыруу пулун башкаруу жана иштетүү эрежелерин;
2) камсыздандыруу уюмдарын камсыздандыруу пулунун маалымат тутумуна кошуу тартибин жана шарттарын;
3) камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу пулуна кирүүсү үчүн келишимдин формасын жана талаптарын.
4. Милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операциялар камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутуму аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
5. Камсыздандыруу пулу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган кайра камсыздандыруу программасына ылайык кабыл алынган тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну жүзөгө ашыра алат.
6. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча ишти жүргүзүүгө укуктуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары камсыздандыруу пулуна кирүүгө милдеттүү.
7. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу пулунун ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү, анын ичинде анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, камсыздандырылган адамдардын алдында милдеттенмелерди сактоосун контролдоону жүзөгө ашырат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |