Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 135
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) алтынчы абзацта «шайлоо дарегинин (шайлоо участогунун номеринин) өзгөрүүсү тууралуу,» деген сөздөр алып салынсын;
б) он биринчи абзацта «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он тогузунчу абзац күчун жоготту деп таанылсын;
г) отузунчу абзацта «же шайлоо дарегин өзгөртүү» деген сөздөр алып салынсын;
2) 131-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацында «3000ден» деген цифралар «4000ден» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн биринчи абзацында «жерлериндеги шайлоо дареги боюнча» деген сөздөр «жерлеринде» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 14-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-беренеде:
а) берененин аталышында «Шайлоо дареги» деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацында «, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-бөлүктүн үчүнчү абзацында «, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын;
5) 19-берененин 71-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) акча каражаттарынын түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу жана мыйзамдуулугун контролдоо менен байланышкан, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчетторду даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;»;
6) 22-берененин 2-бөлүгүндө «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 27-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 29-берененин 6-бөлүгүндө «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 311-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Бирдиктүү жалпы республикалык шайлоо округу боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону кошпогондо, бир шайлоо округунун чегинде өзүнүн шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.»;
10) 41-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, ошондой эле талапкерди же болбосо талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө ниеттенген саясий партия көрсөтүүнүн тартибине жана шайлоонун түрүнө карабастан, документтерди бергенге чейин өзүнүн шайлоо фондун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзүүгө милдеттүү.
Шайлоо төгүмү талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берилгенге чейин түзүлгөн жеке шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине төгүлөт.
Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсептерин жүргүзүүнү улантат.»;
б) 3-бөлүктүн он биринчи абзацында «жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын» деген сөздөр «ЖИНин» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Атайын эсеп талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же саясий партия тарабынан ачылат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүүнүн, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.»;
г) 7-бөлүктө «аларды түзгөн талапкерлерге» деген сөздөр «талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандарга, талапкерлерге» деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 9-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран тарабынан шайлоо төгүмүн өзүнүн шайлоо фондунан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү;»;
е) 91-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«91 Талапкерлигин коюу ниетин билдирген майыптыгы бар адам шайлоо төгүмүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине төгөт.»;
ж) 13-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Талапкерди каттоодон баш тартылган, талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоо токтотулган (жокко чыгарылган) учурларда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар талапкер тарабынан аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга салынган каражаттарга пропорционалдуу түрдө дароо кайтарып берилет. Мында, аталган каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар жана уюмдар тарабынан жабылат.»;
з) 141-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«141. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жөнүндө келишимдерди ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган сандагы үгүтчү менен түзүүгө укуктуу.»;
и) 20-бөлүктө «Талапкерлер» деген сөз «Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандар, талапкерлер» деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 46-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда «жалпы» деген сөз «иш жүзүндөгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
Добуш берүү күнү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет.»;
13) 49-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
- үчүнчү абзац «берген адамга» деген сөздөрдөн кийин «алынган күндү жана берилген документтердин тизмегин көрсөтүү менен» деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац «документтер» деген сөздөн кийин «жана шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацта «талапкер» деген сөз «талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын арызын шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти (түп нускасын) тиркөө менен;»;
- 2-пунктта «талапкер саясий партия тарабынан» деген сөздөр «жаран саясий партиядан талапкер катары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттолгондугунун, реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган кылмыш ишинин бар же жок экендиги жөнүндө;»;
14) 50-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жок болгон учурда талаптарга шайкештигин текшерүү жүргүзүлбөйт, ал эми талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын документтери берилген эмес деп эсептелет жана кайтарып берилүүгө тийиш.»;
б) 5-бөлүк «аны көрсөткөн» деген сөздөрдөн кийин «, шайлоо төгүмүн төккөндүгүн банктык документтин түп нускасы менен ырастаган» деген сөздөр менен толукталсын;
15) 52-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Колдор булуттук санарип кол тамгасын (БСК) колдонуу менен санариптик форматта же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.
Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган же жашаган жери боюнча, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда үгүт иштерине жана кол чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарынын, мекемелердин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кол чогултууга катышуусуна, ошого тете кол чогултуу процессинде шайлоочуларды мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларга сый акы төлөөгө жол берилбейт.»;
б) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- экинчи абзацта «Мында берилген колдордун саны» деген сөздөр «6. Берилген колдордун саны» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.»;
г) 9-бөлүк «беренеде каралган» деген сөздөрдөн кийин «, аларды чогултууга жана тариздөөгө карата» деген сөздөр менен толукталсын;
16) 53-берененин 3-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;»;
б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, же болбосо талапкерди көрсөткөн саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт. Шайлоо төгүмү тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан гана ушул конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөргө ылайык төгүлөт.»;
18) 59-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес дайындалат. Добуш берүү күнү болуп учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембиси саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн саналат.
Добуш берүү күнү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет.»;
19) 60-берененин 4-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац «саясий партиялар» деген сөздөрдөн кийин «Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемесинде шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачууга жана» деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасын жана берилген документтердин тизмегин алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманы токтоосуз берүүгө милдеттүү.»;
20) 601-берененин 2-бөлүгү тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«2. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берүүсү, ошол эле учурда шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документти (түп нускасын) берүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мында шайлоо төгүмү талапкер тарабынан анын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төгүлөт.»;
21) 61-беренеде:
а) 4-бөлүк «Борбордук шайлоо комиссиясынын» деген сөздөрдөн кийин «депозиттик» деген сөз менен толукталсын;
б) 11-бөлүк тѳмѳнкүдѳй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;»;
22) 621-берененин 1-бөлүгүндө «талапкер» деген сөз «талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |