Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-июлу № 490
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик маанидеги эл аралык спорттук, маданий жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан долбоорлорду мамлекеттик колдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 «Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламентинде:
- 3-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мамлекеттик маанидеги долбоорлор – мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрө тармагындагы стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана (же) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, тартылган каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик активдер салым катары пайдаланылган долбоорлор болуп саналат;»;
- 15-пункттун 1, 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) долбоордун статусу;
2) мамлекеттик преференциялардын түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктардын ставкалары жана (же) салыктардын түрлөрү боюнча бошотуулар, ошондой эле мамлекеттик преференцияларды берүүнүн мөөнөттөрү;»;
- 26-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) төмөнкүлөргө багытталууга тийиш болгон долбоорлордун артыкчылыктуулугу:
- мамлекеттик жана (же) муниципалдык маанидеги чөйрө үчүн инфраструктуралык объекттерди куруу;
- экономиканы өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, энергетика, дин, спорт, туризм жана социалдык инфраструктура объекттерин бекемдөө жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу мамлекеттик маанидеги эл аралык спорттук, маданий жана башка коомдук маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;»;
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«28. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө стратегиялык таасирин тийгизүүчү, мамлекеттик жана (же) муниципалдык башкаруунун инфраструктурасын курууга жана модернизациялоого, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, мамлекеттик маанидеги эл аралык спорттук, маданий жана башка коомдук маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, ошондой эле республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун жана өлкө жетекчилигинин башка мамлекеттик максаттуу фонддорунун каражаттарынын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик салымды пайдалануу менен ишке ашырылуучу долбоорлор ушул Регламентте белгиленген мамлекеттик маанидеги долбоорлордун критерийлерине ылайык келген шартта, ушул Регламенттин 31-пунктунда каралган маалыматтарды камтыган аналитикалык жазууну кошпогондо, ушул Регламенттин 30-пунктунда каралган документтерди бербестен Комиссиянын кароосуна киргизилүүгө тийиш.
Мындай долбоорлорду кароо Комиссия тарабынан долбоорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдын долбоордун сыпаттамасын, параметрлери, каржылоо булактары, ишке ашыруу мөөнөттөрү жана суралган мамлекеттик преференциялар жөнүндө маалыматтарды камтыган арызынын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- долбоордун максаттары, стратегиялык мааниси, негизги параметрлери, каржылоонун көлөмү жана булактары, ишке ашыруу мөөнөттөрү, мамлекеттик салым жана күтүлгөн натыйжалар камтылган толук сыпаттамасы;
- ушул Регламенттин 3-пунктуна жана мыйзамдардын башка ченемдерине ылайык суралган мамлекеттик преференциялар жөнүндө маалыматтар.
Жөнөкөйлөтүлгөн тартип тиешелүү мамлекеттик фонддордон каражаттарды бөлүүнү же болбосо мамлекеттик салымды берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Президентинин акты же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими болсо колдонулат, бул аталган долбоорду ишке ашыруунун мамлекеттик зарылдыгын ырастайт.»;
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
«7) жер казынасын пайдалануу.»;
- 30-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) арыз ээсинин (инвестордун) инвестициялардын көлөмүн, мөөнөттөрүн жана аларды киргизүү тартибин көрсөтүү менен долбоорду каржылоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.»;
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41¹, 41²-пункттар менен толукталсын:
«41¹. Жооптуу куратор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салыктык жеңилдиктердин мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейинки мезгилге узартуу жөнүндө кайрылууга укуктуу.
41². Салыктык жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн узартуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 «Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтому менен бекитилген Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине ылайык жетүү үчүн жеңилдиктер берилген максаттарды жана уюмдар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.»;
- 44-пункт «Жооптуу кураторлор» деген сөздөрдөн кийин «квартал сайын катчылыкка жана» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |