Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2026-жылдын 13-июлу №136
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин киреше
жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-июнундагы корутундусунун негизинде Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Бюджеттин киреше бөлүгү 14152100 «Калктуу конуштардагы жерлерди ижарага берүү үчүн төлөм» беренеси боюнча 1 100,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. 14234900 «Каттоо, маалымкаттарды, күбөлүктөрдү берүү жана башка классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр» киреше беренесинен 100,0 миң сом алып салынсын (маркумдарды көмүүгө байланыштуу кирешелер «Таза Булак» МИнин бюджетине киргизилген) жана бул берене боюнча жылдык план 0,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй көбөйтүлсүн:
Бөлүм | Берене | Элемент | Суммасы |
70629 | 2222 | 22221200 | 1100,0 миң сом |
4. Долбоор баштапкы редакциясында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунушталсын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С.Райымкуловго жүктөлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Н.Б.Асаналиев |