Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июлу № 268
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
– 4-пунктта:
экинчи, үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакция баяндалсын:
«– ушул Жобонун 1-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер) же 11-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат орду, атайын мамлекеттик кызмат орду, саясий муниципалдык кызмат орду, административдик кызмат орду, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат орду болуп саналбаган кызмат ордуна талапкер) ылайык форма боюнча резюме;»;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары), аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери) паспортторунун көчүрмөлөрү;»;
– 6–8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм:
1) берилген документтердин толуктугун, талапкердин (талапкерлердин) маалыматтарынын билим деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга шайкештигин текшерет;
2) улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү талапкерге (талапкерлерге) карата материалдарды чогултуудан жана маалыматтарды текшерүүдөн турган жогоруда аталган адамдарга, ошондой эле саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүүнү уюштурат. Кызматтык зарылчылык болгондо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тиешелүү сунуш келип түшкөнгө чейин атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу;
3) талапкер (талапкерлер) менен маектешүүнү уюштурат.
7. Талапкерге (талапкерлерге), ошондой эле саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүү маалыматтарды алуу үчүн улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кызматтык пайдалануу үчүн грифи менен суроо-талаптарды жиберүү аркылуу жүргүзүлөт.
Техникалык мүмкүнчүлүк болсо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга санариптик өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен суроо-талапты жиберүүгө жол берилет.
Улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар суроо-талапты алгандан кийин үч-беш календардык күндүн ичинде белгиленген тартипте талапкерге (талапкерлерге), саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайына, жакын туугандарына карата атайын текшерүүнү жүргүзөт жана Президенттин Администрациясына тийиштүү маалыматты берет.
Эгерде сунуш катталган датага чейин бир календардык жылдын ичинде мурда атайын текшерүү жүргүзүлсө жана анын натыйжалары болсо, кайрадан атайын текшерүү жүргүзүлбөйт.
8. Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
1) төмөнкү кызмат ордуна сунушталган:
– Президентке караштуу же анын карамагындагы органдардын жетекчилерине;
– Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө;
– Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө;
– Министрлер Кабинетине караштуу аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине;
– республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерине;
2) мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра дайындалган;
3) жаңы мөөнөткө кайра дайындалган;
4) номенклатурага кирген кызмат орундарын ээлеген;
5) негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;
6) Президенттин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарына талапкер болгон.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Эгерде сунуш жогоруда саналган адамдардын бирөө (же анын ордуна расмий иштеген адам) тарабынан киргизилген учурда аны менен маектешүү жүргүзүлбөйт.»;
– 13-пунктта:
экинчи абзац «Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн» деген сөздөрдөн кийин «, Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентин» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Президенттин жардамчыларын, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошкондо), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысын, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысын, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы – башкармалыктын начальнигинин орун басарын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилерин, коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларын – акимдерди, облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин, Президент тарабынан дайындалуучу/бекитилүүчү кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин тескемеси менен таризделет.»;
– жогоруда аталган Жобонун 1, 11-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| «Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ
(саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер тарабынан толтурулат)
1. Фамилиясы Аты Атасынын аты: | ________________________________ ________________________________ ________________________________ | Фото
| |||||||||
2. Туулган датасы жана жери:
3. ИЖН: |
________________________________________________________________ ________________________________
________________________________
| ||||||||||
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы _____________________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________ (ооба/жок), эгерде болсо мамлекетти көрсөтүңүз ______________________
| 5. Жашаган дареги: ________________________________ ________________________________
6. Катталган жери боюнча дареги (5-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса): ________________________________ ________________________________
| 7. Байланыш маалымат-тары: (телефону жана электрондук дареги) | |||||||||
8. Класстык чени: ______________________
10. Аскердик наамы, атайын наамы, атайын класстык чени: ______________________
| 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктары жана сыйлоолору (документтин аталышы, номери жана берилген датасы): | ||||||||||
11. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүнү көрсөтүңүз | ||||||||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | ||||||||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| |||||||
Расмий (орус) |
|
|
|
| |||||||
Чет тили (кайсы көрсөтүңүз) |
|
|
|
| |||||||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| |||||||
12. Билими. Толук маалымат бериңиз: | |||||||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/ айы | Аяктаган жылы/айы | Адис-тиги, оку-муш-туулук даражасы жана наамы | Аяктаган-дыгы/ыйга-рылгандыгы жөнүндө документ-тин аталышы жана номери | |||||||
|
|
|
|
| |||||||
|
|
|
|
| |||||||
|
|
|
|
| |||||||
|
|
|
|
| |||||||
13. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | |||||||||||
14. Жарыялоолору (жарыялоолорду тиркебестен тизмектеңиз) | |||||||||||
15. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Акыркы иштеген үч жер үчүн негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасын көрсөтүңүз | |||||||||||
Айы/жылы | Айы/ жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | ||||||||
|
|
|
| ||||||||
16. Жубайы, жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары).
Эскертүү. Саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна талапкер толтурат
| |||||||||||
Аты-жөнү | ИЖН | Туу-ган-чылык дара-жасы | Туулган датасы (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | |||||
|
|
|
|
|
|
| |||||
Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болсо толук көрсөтүңүз.
| |||||||||||
17. Жубайы, жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери).
Эскертүү. Аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер толтурат
| |||||||||||
Аты-жөнү | ИЖН | Туу-ган-чылык дара-жасы | Туулган датасы (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | |||||
|
|
|
|
|
|
| |||||
Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарда төмөнкүлөр болсо толук көрсөтүңүз: – оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болсо; – белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса
| |||||||||||
18. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы ____________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы __________ (бар/жок). 19. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем __________________________ Колу | |||||||||||
Эскертүү. Резюме электрондук форматта толтурулат, андан кийин кагазга чыгарылат жана талапкер кол коет.».
|
| 2-тиркеме |
|
| «Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ
(саясий мамлекеттик кызмат орду, атайын мамлекеттик кызмат орду, саясий муниципалдык кызмат орду, административдик кызмат орду, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат орду болуп саналбаган кызмат ордуна талапкер тарабынан толтурулат)
1. Фамилиясы Аты Атасынын аты: | ________________________________ ________________________________ ________________________________ | Фото
| ||||
2. Туулган датасы жана жери:
3. ИЖН: |
_______________________________________________________________ ________________________________
________________________________
| |||||
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы _____________________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________ (ооба/жок), эгерде болсо мамлекетти көрсөтүңүз ______________________
| 5. Жашаган дареги: ________________________________ ________________________________
6. Катталган жери боюнча дареги (5-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) ________________________________ ________________________________
| 7. Байланыш маалымат-тары: (телефону жана электрондук дареги) | ||||
8. Класстык чени: _____________________
9. Аскердик наамы, атайын наамы, атайын класстык чени: ______________________
| 10. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктары жана сыйлоолору (документтин аталышы, номери жана берилген датасы): | |||||
11. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүнү көрсөтүңүз | |||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| ||
Расмий (орус) |
|
|
|
| ||
Чет тили (кайсы көрсөтүңүз) |
|
|
|
| ||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| ||
12. Билими. Толук маалымат бериңиз: | ||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/ айы | Аяктаган жылы/айы | Адис-тиги, оку-муш-туулук даражасы жана наамы | Аяктаган-дыгы/ыйга-рылгандыгы жөнүндө документ-тин аталышы жана номери | ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
13. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||||
14. Жарыялоолору (жарыялоолорду тиркебестен тизмектеңиз) | ||||||
15. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Акыркы иштеген үч жер үчүн негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасын көрсөтүңүз | ||||||
Айы/жылы | Айы/ жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | |||
|
|
|
| |||
16. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы ____________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы __________ (бар/жок). 17. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем __________________________ колу | ||||||
Эскертүү. Резюме электрондук форматта толтурулат, андан кийин кагазга чыгарылат жана талапкер кол коет.».