Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2026-жылдын 13-июлу №137
Бюджеттик чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын бюджеттик чегерүүлөрдүн кыймылы жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-июнундагы, 2026-жылдын 05-июнундагы корутундусуна ылайык, Мин-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-июнундагы жергиликтүү бюджеттин 2026-жылдагы бюджеттик ассигнованияларын жылдыруу жөнүндө корутундусу бекитилсин.
2. 70823 «Клуб» бөлүмү боюнча бюджеттик ассигнованиялар төмөнкүдөй жылдырылсын:
· 3111 беренесинин 31113290 элементинен – 300,0 миң сом;
· 2222 беренесинин 22221200 элементине – 300,0 миң сом.
3. Төмөнкү бюджеттик ассигнованиялар жылдырылсын:
· 70421 «Айыл чарба» бөлүмүнүн 2222 беренесинен 300,0 миң сом 70825 «Башка маданий иш-чаралар» бөлүмүнүн 2215 беренесине өткөрүлсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу чыгымдар үчүн;
· 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмүнүн 2215 беренесинен 2500,0 миң сом 70111 «Аппарат» бөлүмүнүн 3111 беренесине өткөрүлсүн имаратты оңдоо иштерине.
4. Ушул токтом белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Асаналиев |