Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июлу № 499-т
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 210 тескемесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы «Манас» эл аралык аэропортунун аймагына кирүү-чыгуу үчүн Манас көчөсүнө (мурунку Васильевский тракт көчөсү) чыгуу менен учурдагы жолго параллелдүү өтүүчү альтернативдүү автомобиль жолун куруу боюнча жумуштардын берүүчүсү (подрядчысы) болуп аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштардын заказчысы болуп аныкталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме эки жыл бою колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |