Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2026-жылдын 13-июлу №138
Максаттуу трансфертти бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-мартындагы №174-т «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну кеңейтүү максатында жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууга багытталган эмгек акы фондунун чыгымдарын каржылоо жөнүндө» тескемесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июнундагы №473-т тескемесинин негизинде, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.А. Джумалиеванын максаттуу трансфертти бөлүштүрүү жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап, ошондой эле Мин-Булак айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-июнундагы чечимине ылайык, Мин-Булак айылдык аймагынын кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 4049,3 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
70911 «Мектепке чейинки билим берүү» бөлүмү боюнча «Ынтымак» балдар бакчасынын эмгек акысын төлөөгө:
- 2111-берене – 3453,6 миң сом (эмгек акы);
- 2121-берене – 595,7 миң сом (Социалдык фондго төлөмдөр).
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу сунушталсын.
3. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мин-Булак айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Асаналиев |