Редакцияот 11.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 412 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо мамлекеттик заказдын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.

2. Геологиялык-издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик заказ - бул Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бул иштерди уюштуруунун формасы.

Мамлекеттик заказ Министрлик тарабынан администрациялануучу эсептин (мындан ары - эсеп) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу иштерди пландоо жана каржылоо үчүн негиз болуп саналат.

3. Эсептин каражаттары ушул Жобого ылайык так максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.

2-глава. Эсептин каражаттарын пайдалануу булактары

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу" токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын атынан), "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган инвестициялык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө "Кумтөр" долбоорунун дүң кирешесинин 4%ын түзүүчү түшүүлөрдүн 10%га чейинки өлчөмүндөгү каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн геологиялык чалгындоо иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө байланышкан башка иш-чараларды каржылоого пайдаланылат.

3-глава. Каржылоонун максаттары

5. Каржылоонун максаты Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын туруктуу кеңейтүүнү жана кайра өндүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Каржылоо төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

1) геологиялык сүрөткө тартууну, геофизикалык, геохимиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;

2) издөө, издөө-баалоо жана чалгындоо иштерин аткаруу;

3) минералдык-чийки зат ресурстарын кайра баалоо жана геологиялык-экономикалык маалыматтарды даярдоо;

4) геологиялык чалгындоо материалдарынын маалыматтык фондун калыбына келтирүү жана толуктоо;

5) материалдык-техникалык базаны модернизациялоо жана жаңылоо;

6) минералдык ресурстарды баалоо методдорун иштеп чыгуу;

7) геологиялык чалгындоо иштерин техникалык коштоо;

8) минералдык-чийки зат базасын кеңейтүүгө жана кайра өндүрүүгө багытталган башка коштоочу иштерди жүзөгө ашыруу.

4-глава. Мамлекеттик заказды түзүү

6. "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызгеология" МИ) жыл сайын 1-сентябрга чейин кийинки финансылык жылга карата иштердин планын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат. Иш планы жана чыгашалар сметасы "Кыргызгеология" МИнин буйругу менен бекитилет.

7. Иштердин планы төмөнкүлөрдөн турат:

1) максаттардан жана милдеттерден;

2) күтүлүүчү натыйжалардан;

3) иштердин техникалык сыпатталышынан;

4) финансылык-экономикалык негиздемеден;

5) чыгашалар сметасын деталдаштыруудан.

8. Иш планы жана чыгашалар сметасы ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген расмий өтүнмө менен белгиленген тартипте Министрликке макулдашууга жөнөтүлөт.

9. Мамлекеттик заказ иш планынын жана чыгашалар сметасынын негизинде учурдагы жылдын 31-декабрына чейин түзүлөт жана Министрликтин буйругу менен бекитилет.

10. Мамлекеттик заказ төмөнкүдөй талаптардан турат:

1) мамлекеттик органдын-заказчынын жана аткаруучунун аталышы;

2) мамлекеттик заказды түзүү үчүн негиз;

3) иштердин аталышы;

4) максаттар жана милдеттер;

5) иштерди ишке ашыруу мөөнөттөрү;

6) кварталдар боюнча бөлүштүрүлгөн иштерди аткаруу планы;

7) аткарылуучу иштердин көрсөткүчтөрү жана көлөмдөрү;

8) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик заказга тиркелүүчү түшүндүрмө каттар (негиздемени, иштердин сыпатталышын, техникалык тапшырманы, наркын эсептөөнү, каржылоо графигин жана отчеттуулукка талаптарды камтыган).

11. Каржылоо жөнүндө чечимдер Министрликтин буйругу менен кабыл алынат.

5-глава. Эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби

12. Эсептин каражаттарын пайдалануу Министрлик тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик заказга ылайык жүзөгө ашырылат.

13. Мамлекеттик заказ менен бекитилген иштердин түрлөрүн жана көлөмдөрүн өзгөртүүгө белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашуу боюнча жол берилет.

14. Эсептин каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.

15. Эсептин отчеттук финансылык жылда пайдаланылбаган каражаттары Министрликтин мамлекеттик заказды каржылоо жөнүндө чечими болгон учурда кийинки финансылык жылда ошол эле максаттарга пайдаланылат же болбосо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.

6-глава. Контроль, отчеттуулук жана жоопкерчилик

16. "Кыргызгеология" МИнин жетекчилиги эсептин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

17. "Кыргызгеология" МИ квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Министрликке төмөнкүлөрдү берет:

1) финансылык отчетторду;

2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик заказдын отчетун.

18. Эсептин каражаттарынын пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

Расмий өтүнмөнүн формасы

№

Талап

Мазмуну

Эскертүү

1

Арыз берүүчү уюм жөнүндө маалымат

Арыз берүүчү уюм: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызгеология" МИ). Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2

 

2

Жооптуу адам, байланыш

Өтүнмөнү даярдоого жана коштоого жооптуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги

 

3

Иштердин аталышы

Бекитилген Иш планына ылайык иштердин аталышы

 

4

Иштерди аткаруунун негиздемеси

Иштерди аткаруунун зарылдыгын негиздөө, анын ичинде максаттар, милдеттер жана күтүлүүчү натыйжалар

 

5

Иштерди аткаруунун мазмуну жана методдору

Иштерди аткаруунун көлөмүн, түрлөрүн жана методдорун кыскача баяндоо

 

6

Иштерди жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү жана этаптары

Мөөнөттөрүн жана негизги этаптарын көрсөтүү менен иштерди аткаруунун план-графиги

 

7

Чыгымдар сметасы

Бекитилген чыгымдар сметасына ылайык суралган каржылоонун жалпы көлөмү

 

8

Тиркелүүчү документтердин тизмеги

Бекитилген Иш планы, чыгымдар сметасы, техникалык тапшырма, календардык план-график, кошумча жана сметалык чыгымдардын эсеби

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

Мамлекеттик заказдын формасы

№

Талап

Мазмуну

Эскертүү

1

Мамлекеттик заказчы органдын жана аткаруучунун аталышы

Мамлекеттик заказчы орган (мындан ары - Мамлекеттик заказчы): Министрлик (Мамлекеттик заказчынын өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында - Министрликке караштуу Кыргыз геологиялык кызмат)

Аткаруучу: Министрликке караштуу "Кыргызгеология" МИ

 

2

Мамлекеттик заказды түзүү үчүн негиздеме

Ченемдик укуктук акты - Министрликтин буйругуна шилтеме берилет

Бекитилген номери жана датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт

3

Иштердин аталышы

Иштердин толук аталышы көрсөтүлөт

Техникалык тапшырма милдеттүү түрдө тиркелет

4

Иштердин максаттары жана милдеттери

Мамлекеттик заказдын максаттарынын кыскача баяндалышы жана аткарылууга тийиш болгон милдеттердин тизмеги

 

5

Иштерди ишке ашыруунун мөөнөттөрү

Иштердин башталышынын жана аякташынын конкреттүү датасы (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт

 

6

Иштерди аткаруу планы

Квартал боюнча бөлүштүрүү менен календардык план берилет

Ар бир этап үчүн иштердин түрлөрү жана сандык/сапаттык көрсөткүчтөр көрсөтүлөт

7

Иштердин көлөмү жана көрсөткүчтөрү

Өлчөнүүчү натыйжалар деталдаштырылат: көлөмдөр, параметрлер, аткаруу индикаторлору (мисалы, изилдөөлөрдүн км, отчеттордун саны ж.б.)

 

8

Негиздеме жана финансылык-экономикалык негиздеме

Чыгымдардын беренелери боюнча эсептөө менен иштердин жалпы наркы көрсөтүлөт. Чыгымдардын суммасын көрсөтүү менен каржылоону мезгилдер боюнча (эреже катары, квартал боюнча) бөлүштүрүү жүргүзүлөт

Иштердин зарылдыгын негиздөө, иштерди баяндоо, аткаруу методологиясы, наркын эсептөө жана күтүлгөн натыйжалар келтирилет

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме

Мамлекеттик заказ боюнча отчеттун формасы

№

Талап

Мазмуну

Эскертүү

1

Аткаруучу жөнүндө маалыматтар

Уюмдун-аткаруучунун толук аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы, ведомстволук таандыктыгы, юридикалык дареги, байланыш маалыматтары, жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт

 

2

Иштердин аталышы

Бекитилген мамлекеттик заказга жана техникалык тапшырмага ылайык иштердин толук аталышы көрсөтүлөт

 

3

Отчеттук мезгил

Отчеттук мезгил көрсөтүлөт: квартал (I, II, III, IV) жана жыл

 

4

Иштердин иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө отчет

Отчеттук мезгилде аткарылган иштер жөнүндө кеңири отчет берилет. Отчет аткарылган иш-чаралардын тизмегин, иштердин көлөмүн, жетишилген көрсөткүчтөрдү, пландан четтөөлөрдү жана мындай четтөөлөрдүн себептерин камтыйт

 

5

Финансылык отчет

Пландык жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдү, ошондой эле каражаттардын калдыгын (болсо) көрсөтүү менен чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлгөн (эмгек акы, материалдар, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет берилет

 

6

Ырастоочу документтер

Иштердин аткарылгандыгын жана жүргүзүлгөн чыгашаларды ырастоочу документтер тиркелет: аткарылган иштердин актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар, келишимдер, протоколдор, лабораториялык корутундулар, төлөм документтери жана башка материалдар

 

7

Четтөөлөр жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар

Бекитилген пландан аныкталган четтөөлөр, алардын келип чыгуу себептери, ошондой эле иштерди андан ары ишке ашыруудагы потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлөт

 

8

Сунуштар жана оңдоочу чаралар

Аныкталган кемчиликтерди жоюу, мөөнөттөрдү, көлөмдөрдү же каржылоону (зарыл болгон учурда) оңдоо боюнча сунуштар берилет

 

9

Жооптуу адамдар

Аткаруучунун жооптуу адамдарынын аты-жөнү, кызмат орду, кол тамгалары, ошондой эле отчет түзүлгөн дата көрсөтүлөт