Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-июлу № 508
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерин, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин ББ ТР 018/2011 «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келтирүү, эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелери, ошондой эле газ баллондук жабдууга карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |