Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
2026-жылдын 13-июлу №139
Беш-Көрүк жана Крупское айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башкы адиси П.И. Лугма тарабынан сунушталган Мин-Булак айыл аймагынын Беш-Корук жана Крупское айылдарынын башкы планын карап чыгып, ошондой эле айылдык кеңештин жеке турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы корутундусунун негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагынын Беш-Корук айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Мин-Булак айыл аймагынын Крупское айылынын башкы планы бекитилсин.
3. Беш-Көрүк жана Крупское айылдарынын башкы планына зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү каралсын.
4. Мин-Булак айыл өкмөтү Беш-Корук жана Крупское айылдарынын башкы пландарында каралган иш-чаралардын мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылышын камсыз кылсын.
5. Бекитилген башкы пландар аймактарды өнүктүрүүнү пландаштырууда, жер тилкелерин берүүдө, ошондой эле Беш-Корук жана Крупское айылдарынын аймагындагы объектилерди долбоорлоодо жана курууда колдонулсун.
6. Ушул токтом белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
2026-жылдын 21-июлунда https://minbulak.gov.kg/reports/min-bulak-ajyl-ajmagynyn-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-kezektegi-2026-zhyldyn-5-iyunundsessiyasynyn/ расмий сайтында жарыяланды
7. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жеке турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Асаналиев |