КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 14-июлу №26/114
Ар түрдүү маселелер
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, сессиянын жүрүшүндө шаардык кенештин депутаттары тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясында “Ар түрдүү маселелер” кароодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштар, суроо талаптар Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан аткарууга алынсын.
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясында “Ар түрдүү маселелер” кароодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын, суроо талаптардын аткарылышы боюнча тийиштүү депутатка жазуу жүзүндө жооп берүү жана шаардык кенештин алдыда боло турган сессиясында маалымат берүү жагы шаардын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев