Редакцияот 14.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI  сессиясы

 (VIII чакырылыш)

2026-жылдын 14-июлу  №26/120

Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Кызыл-Кыя шаарынын Стахановская №17 дарегинде жайгашкан имаратты 20 жылдык мөөнөткө оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын  9-июнундагы №23, 2026-жылдын 6-июлундагы №24 протоколдору менен каралгандыгын жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 2-июнундагы №01-14/2430 жана ММДнын 2026-жылдын 2-июлундагы          01-05/1199 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Кызыл-Кыя шаарынын Стахановская №17 дарегинде жайгашкан имаратты 20 жылдык мөөнөткө оперативдик башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага А.Мурзаев