КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXVI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 14-июлу №26/121
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Кызыл-Кыя бөлүмүнө имарат курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 9-июнундагы №23, 2026-жылдын 6-июлундагы №24 протоколдору менен каралгандыгын жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 2-июнундагы №01-14/2425 жана ММДнын 2026-жылдын 2-июлундагы №1199 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы, токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Кызыл-Кыя бөлүмүнө имарат курууга Кызыл-Кыя шаарынан жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда жер тилкесинин дарегин, аянтын аныктоо жана тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев