Редакцияот 26.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2026-жылдын 26-июну № 39

   Орозбеков айыл өкмөтүнүн  бюджетиндеги 2026-жылдын  1-январына карата калдык акча каражатын пайдалануу  жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык  кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат: 

 

1.    Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен үнөмдөлгөн 1 900 000(бир миллион тогуз жүз миң) сом  акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүнүп пайдаланылсын.

 

2.    Бөлүнгөн каражатты өз масатында пайдалануу, токтомдун аткарылышын камсыздоо,айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтом  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтына          жарыялансын.

4. Айылдык  кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун     көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик     реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен     облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик       реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы       маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                    К.Каримов