Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу № 61
307 гектар жер тилкесин муниципалдык менчиктен мамлекеттик
менчикке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №25 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №633-р тескемеси менен бекитилген 2025–2029-жылдарга багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, айыл чарба багытындагы көп жылдык жүзүм плантацияларын сактоо, калыбына келтирүү жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү максатында, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жалпы аянты 307 (үч жүз жети) гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин, көп жылдык жүзүм плантацияларын сактоо жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн башчысына:
1. ушул токтомдун негизинде мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча бардык зарыл документтерди даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга киргизүү;
2. жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү иштерди жүргүзүү;
3. жер тилкесинин чек араларын жана өткөрүп берүү актыларын мыйзам талаптарына ылайык тариздөө милдеттендирилсин.
3. Жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
2026-жылдын 23-июлунда https://gagsmsu.kg/2026/07/23/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bc%d2%af%d0%b4%d2%af%d0%bd-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0-3/ расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Абдыкерим Сыдыков айылдык Кеңешинин агрардык жер маселелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева .А.Т.жүктөлсүн.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
Г. А. Рабиев |