Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 134
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда «жана курултайлар» деген сөздөр алып салынсын;
2) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда «, курултайларда» деген сөз алып салынсын;
3) 21-берененин 1-бөлүгүндө «же курултайларында» деген сөздөр алып салынсын;
4) 42-берененин 4-бөлүгү «анын аталышын» деген сөздөрдөн кийин «жана/же калктуу конуш категориясын» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
«51) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;
6) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;
7) 56-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен айыл аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилет.»;
8) 59-берененин 4-пунктунда «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын;
9) 61-беренеде «курултайларды,» деген сөз алып салынсын;
10) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 68-берененин 2-бөлүгүндө «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |