Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 138
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) округдук шайлоо комиссиялары;»;
2) 2-беренеде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-главанын аталышында «Аймактык жана участкалык» деген сөздөр «Округдук, аймактык жана участкалык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 19-беренеде:
а) 3-бөлүктө «, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын» деген сөздөр алып салынсын;
б) 11-бөлүктө «ушул Мыйзамда» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 191-берене менен толукталсын:
«191-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана аларды түзүү тартиби
1. Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине тийиштүү шайлоо округдарында иштөөчү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт жана өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен токтотот.
2. Округдук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо округу боюнча 11 мүчөдөн кем эмес курамда:
– эгерде бир шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
– эгерде бир шаардын же райондун аймагында эки же андан көп шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;
– эгерде эки же андан көп шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.
3. Округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары округдук шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин убактылуу токтотулат. Ал бул мезгилде аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине добуш берүүгө жана аларды кабыл алууга катышпайт.
4. Округдук шайлоо комиссиясы:
1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын контролдойт, ошондой эле округдун аймагында алардын бирдей колдонулушун камсыз кылат;
2) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууда Борбордук шайлоо комиссиясына көмөктөшөт;
3) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;
4) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;
5) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;
6) участкалык шайлоо комиссияларынын жайлар, транспорт, байланыш менен камсыз кылынышын контролдойт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
7) шайлоочулардын тизмелерин түзөт, жүргүзөт, жаңылайт жана тактайт;
8) жалпыга таанышуу жана көрүү үчүн шайлоочулардын тизмелеринин берилишин контролдойт;
9) бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталуусун камсыз кылат, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу боюнча чараларды көрөт, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды жана аянттарды карайт;
10) участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;
11) тийиштүү шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;
12) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга укуктуу;
13) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет;
14) округдук шайлоо комиссиясына түздөн-түз келип түшкөн, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна келип түшкөн округдук участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларды милдеттүү түрдө реестрге киргизүү менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;
15) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
16) зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгеккелишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;
17) участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;
18) шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.»;
6) 20-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 13-пунктта «, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына» деген сөздөр алып салынсын;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16) мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;»;
– 19-пунктта «, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө «мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 22-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде «аймактык» деген сөз «округдук, аймактык» деген сөздөргө алмаштырылсын.
б) 1-бөлүктүн 7-пункту «комиссиясынын мүчөсү» деген сөздөрдөн кийин «, ал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясын кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5 жана 6-бөлүктөрдө «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 24-берененин аталышында жана текстинде «Аймактык, участкалык» жана «аймактык, участкалык» деген сөздөр «Округдук, аймактык, участкалык» жана «округдук, аймактык, участкалык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 25-беренеде:
а) 6-бөлүктө:
– 2-пунктта «(Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетени)» деген сөздөр алып салынсын»;
– 4-пунктта «, факсимилдүү» деген сөз алып салынсын;
– 6-пунктта «аймактык жана участкалык» деген сөздөр «округдук, аймактык жана участкалык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүктө «, бюллетенинде» деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров | |
|
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган | ||
|
|
|
|