Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 506
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тигүү тармагынын субъекттерин колдоо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын визаларын тариздөө тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. 2026-жылдын 1-ноябрына чейин тигүү тармагынын субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасынын ставкалары жана наркын эсептөө тартиби төмөнкүдөй тарипте белгиленсин:
Документ | Консулдук кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кароо мөөнө-тү | Став-касы (АКШ долла-ры) | Ставкасы (сом менен) | Эс-кер-түү |
Бирдиктүү уруксат | Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн төлөм | 7 жумуш күнгө чейин | 75 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Бирдиктүү уруксат | Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат/иштөөгө уруксат (мамлекеттик алым) | – | – | 20000 |
|
Бирдиктүү уруксат | Кепилдик төгүм | – | – | 5000 |
|
Бирдиктүү уруксат (жеке ишкерлер үчүн) | Жеке ишкерлер үчүн Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө төлөм | – | – | 50000 |
|
Резидент-карта | Резидент-картаны тариздөөгө төлөм | 10 жумуш күнгө чейин | 225 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Резидент-карта | Иштөөгө электрондук уруксат | – | – | 5000 |
|
».
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
– 16-пунктта:
15-пунктча «менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
«18) Коштоо визасы («Accompanying visa») «А» тиби.
Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-карталары бар жана аталган өлкөлөрдүн жарандарын коштоп жүргөн персоналдын мүчөлөрү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген адамдарга узартуу мүмкүнчүлүгү жок 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.»;
– 22-пунктта:
4-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4) атайын эмгек визасы үчүн («SW1» жана «SW2» типтери):
– «SW1» тиби:
жарактуу документтин түстүү сканы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюмдаштыруучу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн түстүү сканын тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
инвойстун жана иш сапардык күбөлүктүн түстүү сканы;
миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат алуудан бошотулгандыгын ырастаган каты.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
– «SW2» тиби:
жарактуу документтин түстүү сканы;
журналисттер/кабарчылар үчүн аккредитациялоо жөнүндө документ (журналисттер үчүн узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат алуудан бошотулгандыгын ырастаган каты.
Волонтердук жана кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үчүн:
жарактуу документтин түстүү сканы;
уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кабыл алуучу уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
волонтердук же кайрымдуулук келишиминин скан-версиясы;
арыз ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкеринин статусуна ылайыктуулугун ырастоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;»;
5-пунктчада:
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзац «Резидент-карта» деген сөздөрдөн кийин «же узак мөөнөттүү виза» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«– окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен арыз ээси менен билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;»;
7-пунктчанын тогузунчу абзацында, 10-пунктчанын жетинчи абзацында «Резидент-карта» деген сөздөрдөн кийин «же узак мөөнөттүү виза» деген сөздөр менен толукталсын;
17-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
«18) коштоо визасы үчүн («Accompanying visa») «А» тиби:
– арыз ээсинин өздүгүн көбөлөндүргөн жарактуу документтин түстүү сканы;
– Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жаранынын өтүнүчүнүн түстүү сканы;
– арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жаранынын ортосундагы эмгек келишиминин же контракттын котормосу менен түстүү сканы;
– арыз ээсине таризделген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-картасынын түстүү сканы.».
2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына 2026-жылдын 1-октябрына чейин ай сайын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тигүү тармагынын субъекттеринин тизмегин берип туруу сунушталсын.
3. Тигүү тармагынын субъекттери Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүн ырастоочу катын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жободо каралган документтерди берет деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тигүү тармагынын субъекттеринин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |