Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 129
Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында геологиялык парктарды тузүүнүн жана иштетүүнүн укуктук негиздерин аныктайт.
1-берене. Геологиялык парктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары
Геологиялык парктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардан, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардан, тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) геологиялык парк (мындан ары – геопарк) – региондун туруктуу өнүгүүсү менен айкалышта геологиялык объектилерди коргоо, анын ичинде туризмди өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле билим берүү долбоорлору үчүн багытталган, уникалдуу геологиялык мураска ээ болгон, чек аралары так аныкталган аймак;
2) геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш;
3) геологиялык мурас – Жердин калыптануу тарыхын жана эволюциясын түшүнүү үчүн негизги мааниге ээ болгон жансыз жаратылыштын уникалдуу объектилеринин жыйындысы.
3-берене. Геопаркты түзүү милдеттери
Геопарктар төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн түзүлөт:
1) уникалдуу геологиялык объектилердин, ландшафттардын жана палеонтологиялык табылгалардын бүтүндүгүн камсыз кылуу;
2) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаратылыш комплекстеринин абалына экологиялык мониторинг жүргүзүү;
3) билим берүү программалары аркылуу Жердин геологиялык тарыхы жана экологиясы жөнүндө калктын билим деңгээлин жогорулатуу;
4) жаратылыш ресурстарын сактоо менен туризмди жана рекреацияны кошуп алганда, жергиликтүү коомдоштуктардын узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү;
5) Кыргыз Республикасынын уникалдуу жаратылыш аймактарын ЮНЕСКОнун Геопарктарынын глобалдуу тарамына интеграциялоо.
4-берене. Геопаркты түзүү тартиби
1. Геопарк Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими менен түзүлөт, анда геопарк жөнүндө жобо да бекитилет.
2. Геопаркты түзүү жөнүндө сунуш геопарктын аймактарында жайгашкан геологиялык объектилердин уникалдуулугунун тиешелүү илимий негиздемесинин негизинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий уюмдардан же коомдук бирикмелерден келип чыгышы мүмкүн.
3. Геопарктарды түзүүнүн, иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартиби, ошондой эле геопарктарды уюштуруунун жана ишинин эрежелерин караган типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
4. Ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн геопарктар ЮНЕСКОнун эл аралык келишимдеринде жана эрежелеринде белгиленген тартипте ЮНЕСКОнун Глобалдуу геопаркы статусун алууга талапкер боло алышат.
5-берене. Геопарктын аймактарын коргоо жана пайдалануу режими
1. Геопарктын чек араларына бардык категориядагы жерлер, анын ичинде калктуу конуштардын аймактары, токой фондунун, суу фондунун жерлери жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка түрлөрү киргизилиши мүмкүн.
Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, геопаркты түзүү көрсөтүлгөн жерлердин максаттуу багытын жана укуктук статусун өзгөртүүгө алып келбейт, ошондой эле алардын менчик ээлеринин жана пайдалануучуларынын укуктарын чектебейт.
2. Геопарктын аймагында Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана төмөнкүлөргө багытталган кандай болбосун ишке жол берилет:
1) регионду туруктуу социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө;
2) туристтик, илимий жана билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүүгө;
3) табигый жана маданий мурастарды сактоого.
3. Геопарктын чек араларынын чектеринде өзгөчө корголууга тийиш болгон геологиялык объектилер бөлүнүп берилет. Алардын аймактарында жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч жараткан кандай болбосун иштерге тыюу салынат, анын ичинде:
1) геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;
2) өнөр жай багытындагы капиталдык объектилерди курууга;
3) геологиялык же гидрологиялык режимдин кайтарылгыс өзгөрүүсүнө алып келүүчү иш-аракеттерге;
4) геологиялык объектилердин бузулуусуна же деградациясына алып келүүчү иштин башка түрлөрүнө.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн геологиялык объектилердин аймагында төмөнкүлөргө уруксат берилет:
1) илимий изилдөөлөрдү жана экологиялык мониторингди жүргүзүүгө;
2) рекреациялык жүктөмдүн ченемдерин сактоо менен жөнгө салынуучу туризмди (чыйыр жолдорду, көрүү аянтчаларын, маалымат стенддерин жайгаштырууну) уюштурууга;
3) билим берүүчү жана агартуучу иш-чараларды өткөрүүгө.
6-берене. Геопарктардын ишин координациялоо
Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык геопарктардын ишин координациялоо жана ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктар тарамы менен өз ара аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте Геопарктар боюнча улуттук кеңеш түзүлөт.
7-берене. Каржылоо
Геопарктардын иштөөсү боюнча иш-чараларды каржылоо жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
8-берене. Геопаркты жана геологиялык объектини коргоо режимин
бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Геопаркты жана геологиялык объектини коргоонун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
9-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |