Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 137
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 29-июну, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 5-пунктунда «, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын» деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 4-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мындашайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.»;
– 6-пунктта «аймактык шайлоо» деген сөздөр «округдук, аймактык шайлоо» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 10-пунктта «аймактык, участкалык» деген сөздөр алып салынсын;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20) шайлоолорду техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;»;
– 21-пунктта «Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана демилгечи топторунун тизмесин» деген сөздөр «Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн жана демилгечи топторун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пунктта «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген» деген сөздөр «майыптыгы бар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 27-пунктта «, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктүн 4-пунктунда «талапкерлердин тизмелерин» деген сөздөр «талапкерлерди» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары зарыл болгон учурда видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналышка видеоконференция байланышын пайдалануу менен катышкан учурда тиешелүү жыйналышка катышты деп эсептелет.»;
4) 9-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Президенттин кызмат ордуна талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер же болбосо алардын өкүлү болуп көрсөтүлсө, ал Жогорку Кеңештин чечимисиз Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулду деп эсептелет.
Көрсөтүлгөн учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып токтотулду деп эсептелет.»;
5) 14-беренеде:
а) 3-бөлүктө «Экономика жана финансы министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө:
– 2-пунктта «(Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетени)» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пунктта «, факсимилдик» деген сөз алып салынсын;
– 6-пунктта «аймактык жана участкалык» деген сөздөр алып салынсын;
– 10-пунктта «талапкерлердин тизмесин» деген сөздөр «талапкерлерди» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 8-бөлүктө «бюллетенинде жана» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |