Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 100
2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Кытайдын экспорттук-импорттук банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |