ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму
2021-жылдын 26-августундагы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Исаков Мурзабек Галдыбевичке, Кызыл-Эшме айылынын тургуну Макамбаев Мааматка жана Чак айылынын тургуну Абдыгапар уулу Каныбекке Чоң-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын жана үзүрлүү эмгектерин эске алып Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Исаков Мурзабек Галдыбевичке, Кызыл-Эшме айылынын тургуну Макамбаев Мааматка жана Чак айылынын тургуну Абдыгапар уулу Каныбекке Чоң-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын ошондой эле Чон-Алай айыл өкмөтүнүн төмөнкү аппарат кызматкерлерине Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Исаковго жана ВУС инспектору К.Наркуловго Чон-Алай айылдык кенешинин Ардак грамотасы ыйгарылсын..
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |