Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму

 

 

2021-жылдын 26-августундагы № 3

Чоң-Алай айылдык аймагындагы жергиликтүү калктын талаптарын канааттандыруу максатында “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү калктын талаптарын канааттандыруу максатында жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган тургундарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жанан гигиеналык талаптарга жооп беришин көзөмөлгө алуу максатында Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн:

2. “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жобосу иштеп чыгарылып, айылдык кеңеш тарабынан бекитилсин.

“Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын ишин жалпы башкарууну координациялоону Чоң-Алай айыл өкмөтү жүргүзөөрү белгиленсин.

3. Чоң-Алай айыл өкмөтү:

өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин

“Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасын юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

“Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасын ишин ушул токтомдон келип чыккан материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун маселелерин чечсин.

4. Ушул токтомду аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичке жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев