ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 6-сессиясынын
кезексиз отуруму
2021-жылдын 23-сентябрындагы № 2
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-июлундагы 4-сессиясынын кезектеги отурумунун №9 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты З.Үсөнованын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-июлундагы 4-сессиясынын кезектеги отрумунун № 9-токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 6-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасындагы ПМК көчөсү тактап айтканда М.Исмаиловдун үйүнөн тартып Ы.Эгембердиевдин барган жолдон кайра айланып Р.Сражовдун үйүнө чейинки чейинки көчө маркум Токтосунов Тынычтыкбек атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Аты аталган көчөнүн табличкаларын орнотуп, көчөнү иретке келтирүү жана ошондой эле көчөнү жарыктандыруу жагы маркум Т.Токтосуновдун уулу Токтосунов Канатбек Тынычтыкбековичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |