Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-декабрындагы № 8/3

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасына субсидия каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөмбековтун, “Шамшы” мунициалдык ишканасынын жетекчиси А.Эсенкановтун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнун 2021-жылдагы чыгымдар бөлүгүндөгү 2511 ”Субсидия” чыгымдоо статьясынан акча каражатын бөлүп берүү суроо талабын канаатандырып токтом кылат:

 

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасына 350 000 (үч жүз элүү миң) сом жана “Шамшы”муниципалдык ишканасына 150 000 (бир жүз элүү миң) сом өздүк эсептик счетторуна которулуп берилсин.

 

2. Жогорудагы каралган акча каражаттарын мыйзамдуу которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Абдырасакова өз милдетине алсын.

 

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы тийиштүү туруктуу комиссия өз милдетине алсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов