Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 22-июлу № 117
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
373-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайын жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы;";
б) 3-пунктта ", прокурордун, тергөөчүнүн" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 7-пункту "адамга карата" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктө "буга каршы болсо" деген сөздөр "күнөөсүн мойнуна албаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Эгерде айыпталуучунун күнөөсүн аныктоо жөнүндө сот актысы башка сот өндүрүшү тартибинде каралууга тийиш болгон маселелерди чечүү үчүн, анын ичинде ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра баштоого негиз катары зарыл болсо реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш ишин кыскартууга жол берилбейт, ал эми көрсөтүлгөн негиздер менен кыскартылган иш кайра башталууга тийиш.";
2) 257-берененин 1-бөлүгүндө "3-бөлүгүндө" деген сөздөр "3 жана 7-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 258-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Токтомдо ушул Кодекстин 86-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө, ошондой эле тергөө судьясына тиешелүү өтүнүч жөнөтүү тууралуу көрсөтүү менен кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим көрсөтүлөт.";
4) 260-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кыскартылган иш боюнча өндүрүштү кайра баштоо адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүнүн эскириши аяктаганга чейин жүргүзүлөт.";
5) 287-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4 жана 7-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечимди кабыл алып, судья бөгөт коюу чарасын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын, анын ичинде кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет. Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жакка жана жабырлануучуга тапшырылат.";
б) 302-беренеде:
а) "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4 жана 7-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Иш боюнча өндүрүш кыскартылганда судья бөгөт коюу чарасын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын, анын ичинде кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет.
Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле бир эле убакта кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жак жана жабырлануучу билдирилет.";
7) 304-берененин 2-бөлүгү "бөгөт коюу" деген сөздөн кийин "жана кызмат ордунан убактылуу четтетүү" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 346-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө.";
9) 354-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү чарасы жөнүндө чечим;";
10) 356-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим;";
11) 453-берененин 3-бөлүгү "мөөнөттөрүнүн ичинде гана," деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 27-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кылмыш камсыздандырылган адам тарабынан жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса жана анын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталса;".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |