Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 22-июлу № 120
Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
Төмөнкүлөргө кошулсун:
- 1974-жылдын 1-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1974-жылдагы Деңизде адам өмүрүн коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга жана 1974-жылдагы Деңизде адам өмүрүн коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга карата 1988-жылдагы Протоколго;
- 1972-жылдын 20-октябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1972-жылдагы Деңизде кемелердин кагылышуусун алдын алуунун эл аралык эрежелери жөнүндө конвенцияга;
- 1978-жылдын 7-июлунда Лондон шаарында кабыл алынган 1978-жылдагы Деңизчилерди даярдоо жана диплом берүү жана вахта өтөө жөнүндө эл аралык конвенцияга;
- 1973-жылдын 2-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1973-жылдагы Кемелерден булганууну алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияга бардык тиркемелери менен, жана 1973-жылдагы Кемелерден булганууну алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияга карата 1978-жылдагы Протоколго;
- 1979-жылдын 27-апрелинде Гамбург шаарында кабыл алынган 1979-жылдагы Деңизде издөө жана куткаруу боюнча эл аралык конвенцияга;
- 1989-жылдын 28-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган 1989-жылдагы Куткаруу жөнүндө эл аралык конвенцияга;
- 1965-жылдын 9-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган 1965-жылдагы Эл аралык деңиз кемечилигин жеңилдетүү боюнча конвенцияга;
- 1966-жылдын 5-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган, ага карата 1988-жылдагы Протокол менен өзгөртүлгөн 1966-жылдагы Жүк маркасы жөнүндө эл аралык конвенцияга;
- 1969-жылдын 23-июнунда Лондон шаарында кабыл алынган 1969-жылдагы Кемелерди өлчөө боюнча эл аралык конвенцияга;
- 2001-жылдын 23-мартында Лондон шаарында кабыл алынган 2001-жылдагы Бункер отунунан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияга;
- 1992-жылдын 27-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1969-жылдагы Мунайдан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияга жана 1969-жылдагы Мунайдан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияны өзгөртүү тууралуу 1992-жылдагы Протоколго;
- 2007-жылдын 18-майында Найроби шаарында кабыл алынган 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына;
- 1988-жылдын 10-мартында Рим шаарында кабыл алынган 1988-жылдагы Дециз кемечилигинин коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга;
- 1976-жылдын 19-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1976-жылдагы Дециз талаптары боюнча жоопкерчиликти чектөө жөнүндө конвенцияга жана ага карата 1996-жылдагы Протоколго.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө документтерди тиешелүү депозитарийге белгиленген тартипте депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |