ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХVI ачык сессиясы
2026-жылдын 24-апрелиндеги № 83
«Заветы Ильича» маданиятын үйүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
«Заветы Ильича» клубунун башчысы Салбаров Кенжебек Чекченбаевичтин кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Маданият жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле муниципалдык маданият мекемесинин аталышын мамлекеттик тилге, аймактын тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык келтирүү максатында, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын аймагында жайгашкан «Заветы Ильича» маданиятын үйүнүн аталышы «Төрт-Гүл маданиятын борбору деп өзгөртүлсүн.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
· уюштуруучу жана каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
· мекеменин аталышын жаңыртуу жана тиешелүү документтерди ушул токтомго ылайык келтирүү иштерин камсыз кылуу.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, калк арасындагы коомдук тартип, жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, жаштар иштери, социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |