Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 131
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш;»;
б) отуз экинчи абзацта «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 3-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-берененин 1-бөлүгүндө «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 232 жана 233-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 24-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |