Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 422
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибинде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөтүнө карата талапкерлердин жалпы саны он адамдан аз болсо, анда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзамендик комиссия менен макулдашуу боюнча квалификациялык экзаменди белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө укуктуу.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет:
1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү экинчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
2) биринчи категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок;
3) жогорку категориядагы баалоочуга:
- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;
- баалоо иши боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;
- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;
- соттуулугу жок.";
- 21-пунктта:
төртүнчү абзацта "(нотариалдык күбөлөндүрүлгөн)" деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баалоо жөнүндө эки отчеттун көчүрмөсү же баалоо иши боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар (биринчи категориядагы жана жогорку категориядагы баалоочуга талапкерлер үчүн гана);".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |