ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХVI1 ачык сессиясы
2026-жылдын 2-июлундагы № 93
Муниципалдык жер участокторун сатууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-декабрындагы №4-1 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүгүнө ылайык жана Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-июнундагы №3 биргелешкен бюджеттик жана жер маселелери боюнча комиссиясынын жыйынынын негизинде,
Төрт-Гүл айылдык кенеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө муниципалдык жер участокторун сатууга макулдук берилсин.
№ | Жер участогунун жайгашкан жери | Аянты | Идентификациялык номери |
1 | Предтеченка а. 1 Май көч. 24а | 3500м2 | 7-06-07-1001-0178 |
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукцион өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |