Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-июлундагы № 2026-П-12/35-3-(ПС)
Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын
ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоо бекитилсин (тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 23-августундагы № 2023-П-14/53-5-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
1-пунктунун алтынчы абзацы;
токтомго карата тиркеменин 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
1-пунктунун алтынчы абзацы;
токтомго карата тиркеменин 5-пункту.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «KG (КЕЙ-ДЖИ) төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 6-июлундагы № 2026-П-12/35-3-(ПС) токтомуна карата тиркеме |
Төлөм системаларынын операторлорунун
жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча
НУСКОО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоодо (мындан ары – Нускоо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) лицензиясынын (лицензияларынын) негизинде ишкердигин жүргүзгөн төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары – көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине тышкы (аралыктан) көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери жана тартиби аныкталган.
2. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары – КИК/ККЛК) чөйрөсүндө талаптарды сактоосун көзөмөлдөйт. КИК/ККЛК чөйрөсүндө көзөмөлдөө иштеринин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты Улуттук банк КИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
3. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин көзөмөлдөө Улуттук банк тарабынан инспектордук текшерүүлөр жана тышкы (аралыктан) көзөмөл аркылуу жүзөгө ашырылат.
Көзөмөлдүн көрсөтүлгөн формалары Улуттук банк көзөмөлдөө функцияларды жүзөгө ашырууда бири-бирин өз ара толуктап турат.
4. Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюмдар ортосунда өз ара иш алып баруу жана маалымат алмашуу көзөмөлдөө ишинин маанилүү элементтери болуп саналат. Улуттук банк көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында көзөмөлгө алынган уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды жана кат алышууларды жүргүзүү аркылуу, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетту кароодо жана тышкы (аралыктан) көзөмөлдүн жүрүшүндө өз ара иш алып барат.
5. Бул Нускоонун максаттарында төмөнкү кыскартуулар жана аныктамалар колдонулат:
- куратор - көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине тышкы (аралыктан) көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук банктын кызматкери;
- текшерүү тобу - Улуттук банктын текшерүүгө жолдомодо көрсөтүлгөн кызматчыларынын тобу, анын ыйгарым укуктарына ушул Нускоодо аныкталган көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүү боюнча милдеттерди жана функцияларды аткаруу кирет;
- ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм - көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү;
- башкаруунун байкоо органы – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун жогорку башкаруу органына отчет берүүчү жана анын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы;
- башкаруунун аткаруу органы – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун байкоо (эгерде бар болсо) же жогорку башкаруу органына отчет берүүчү жана анын ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы.
Бул Нускоодо колдонулган башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
6. Көзөмөлдүн жүрүшүндө Улуттук банк, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматчылары (текшерүү тобу/куратор) көзөмөлгө алынган уюмдардын, катышуучулардын, агенттердин, субагенттердин, товарларды/кызматтарды сунуштоочулардын, электрондук акча акцептанттарынын, соода-сервистик ишканалардын жана келишимдик мамилелердин негизинде төлөм кызматтарын көрсөтүүгө катышкан башка контрагенттердин ишине, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдар менен байланышкан адамдарга, туунду жана караштуу уюмдарга тиешелүү бардык маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жана алууга; алынган маалымат боюнча түшүндүрмө талап кылууга жана зарыл учурда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгалары жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.
Талап кылынган маалыматтар жана документтер Улуттук банктын, текшерүү тобунун жана/же куратордун өтүнүчүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилет.
2-глава. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдөө принциптери жана тартиби
7. Тышкы (аралыктан) көзөмөл - Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар менен туруктуу негизде өз ара иш алып баруусу, мында көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдөөнүн алкагында ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларынын ичинен ар бир көзөмөлгө алынган уюм боюнча куратор дайындалат. Көзөмөлдөө ишин туруктуу негизде камсыз кылуу максатында кураторлор убактылуу жок болгон учурда бири-бирин алмаштыра алышат.
8. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдөөнүн алкагында куратор көзөмөлгө алынган уюмдун кызматчылары жана кызмат адамдары, башка ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруунун байкоо органынын мүчөлөрү (эгерде бар болсо), ошондой эле уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу (анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун демилгеси боюнча). Зарыл учурда жолугушуулар, анын ичинде аудио жаздыруу аркылуу катталышы/документ түрүндө таризделиши мүмкүн.
9. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдөө максатында куратор көзөмөлгө алынган уюмга зарыл болгон маалыматты (статистикалык маалыматтар, таблицалар, анкеталар, отчеттор, корутундулар жана көзөмөлгө алынган уюмдун ишине тиешелүү башка маалыматтар) берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү, анын ичинде Улуттук банктын доменинен (***@nbkr.kg) электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө укуктуу.
10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан көзөмөл функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банктын доменинен (***@nbkr.kg) электрондук почта аркылуу көзөмөлгө алынган уюмдун кураторуна билдирүү аркылуу жөнөтүлгөн маалыматты жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптар көзөмөлгө алынган уюмдун кураторунун суроо-талаптарына теңештирилет.
11. Көзөмөлгө алынган уюмга куратор тышкы (аралыктан) көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун алкагында келген учурда, көзөмөлгө алынган уюм кураторго көзөмөлгө алынган уюмдун жайларына, суралган документтерине, материалдарына жана автоматташтырылган/маалыматтык системаларына (кароо режиминде) кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Көзөмөлгө алынган уюмга куратор ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги же анын милдетин аткарган адам тарабынан кол коюлган тиешелүү билдирүүнүн негизинде барат.
Куратор көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдарынан жана кызматчыларынан көзөмөлгө алынган уюмдун ишине байланыштуу маселелер боюнча толук түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.
12. Көзөмөлгө алынган уюмдар Улуттук банктын талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюмдун ишине тиешелүү отчетторду, документтерди жана кандай болбосун башка маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү. Улуттук банкта катталган дата кагаз түрүндө корреспонденция алынган дата болуп эсептелет. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн суроо-талабында Улуттук банктын домени (***@nbkr.kg) менен башка электрондук почта дареги көрсөтүлбөсө, корреспонденция электрондук түрдө Улуттук банктын mail@nbkr.kg электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек. Корреспонденция электрондук түрдө алынган дата катары системалык билдирүүдө тиешелүү билдирүү жеткирилгендиги/алынгандыгы жөнүндө дата эсептелет.
13. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин тышкы (аралыктан) көзөмөл үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алынган уюмдардын иши жөнүндө берилген отчеттуулукту жана башка маалыматты талдоо, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдардын кызматчылары жана кызмат адамдары менен өз ара иш алып баруу аркылуу ишке ашырылат.
14. Тышкы (аралыктан) көзөмөл Улуттук банктын үзгүлтүксүз иши болуп саналат, ал кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) көзөмөлгө алынган уюмдун ишин мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттуулуктун маалыматтарынын, көзөмөлгө алынган уюмдун ишин инспектордук текшерүү материалдарынын, ички жана тышкы аудиттин, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдан, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана/же башка булактардан алынган башка маалыматтын негизинде талдоо;
2) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча иштин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн талдоо;
3) төлөм системасынын катышуучуларынын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү (процессинг, клиринг) боюнча иштин көрсөткүчтөрүн талдоо;
4) көзөмөлгө алынган уюм тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу, жайылтуу жана жоюу көрсөткүчтөрүн талдоо;
5) көзөмөлгө алынган уюмдун эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча көрсөткүчтөрдү талдоо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык көзөмөлгө алынган уюм тарабынан ишке ашырылуучу башка операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү талдоо;
7) көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин туруктуулугуна жана төлөм кызматтарын үзгүлтүксүз негизде сунуштоого таасир этүүчү тобокелдиктерди жана факторлорду аныктоо;
8) көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышын жана көзөмөлгө алынган уюмга карата кабыл алынган сунуштамаларды/эскертүүлөрдү жана таасир этүү чараларынын аткарылышын контролдоо.
15. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдөө жыйынтыктары Улуттук банк тарабынан, анын ичинде инспектордук текшерүү зарылдыгын, анын предметин жана көлөмүн аныктоодо пайдаланылат.
16. Тышкы (аралыктан) көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банк зарыл учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөлгө алынган уюмга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.
3-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары
17. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишин инспектордук текшерүүнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:
- көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүү;
- төлөм системасынын же электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасынын үзгүлтүксүз иштешине жана натыйжалуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон көзөмөлгө алынган уюмдун ишиндеги тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо;
- көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшерүү;
- көзөмөлгө алынган уюмдун Улуттук банкка берген финансылык отчеттуулугунун жана башка маалыматтарынын аныктыгын баалоо;
- көзөмөлгө алынган уюмда аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу жана анын тобокелдиктерин азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, зарыл учурда эскертүү чараларын жана/же таасир этүү чараларын колдонуу;
- буга чейинки инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жана/же тышкы (аралыктан) көзөмөл жүргүзүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмга Улуттук банк тарабынан берилген сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктар аткарылгандыгын баалоо.
4-глава. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү
18. Инспектордук текшерүүлөр белгиленген милдеттерге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн.
19. Комплекстүү текшерүү көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалын, тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун, көзөмөлгө алынган уюмдун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын баалоого, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана кемчиликтерди аныктоого багытталат.
20. Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин бир же бир нече чөйрөсүн текшерүү каралган. Максаттуу текшерүүлөр план чегинде жана пландан тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн. Көзөмөлгө алынган уюмду план чегинде текшерүү Улуттук банктын текшерүүлөр планына ылайык жана адатта жыл ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт.
21. Инспектордук текшерүүлөр көзөмөлгө алынган уюмга текшерүү жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө алдын ала билдирүү, ошондой эле алдын ала билдирүүсүз да (пландан тышкары текшерүүлөр) жүргүзүлүшү мүмкүн.
22. Көзөмөлгө алынган уюмду инспектордук текшерүү инспектордук текшерүү жүргүзүүгө жолдомонун (мындан ары – текшерүүгө жолдомо) негизинде жүргүзүлөт. Текшерүүгө жолдомогө төмөнкүлөр кол коюшу мүмкүн:
- ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги же анын милдетин аткарган адам; - көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жер боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору же алардын милдетин аткарган адамдар.
23. Инспектордук текшерүү жүргүзүүдө текшерүү тобу текшерүүгө жолдомону түздөн-түз көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу адамына көрсөтөт.
24. Пландан тышкары инспектордук текшерүүлөр төмөнкү учурларда ушул Нускоонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын биринин чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
- төлөм системасынын же электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын үзгүлтүксүз иштөө тартибин бузуу фактылары аныкталганда;
- көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде, анын ичинде жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кайрылууларынын жана/же башка булактардын негизинде, алдамчылык, кыянаттык менен пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу белгилери болсо;
- берилген отчеттуулукка мониторинг жүргүзүүнүн/талдоонун натыйжасында көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин туруктуулугун начарлатышы мүмкүн болгон, төлөм кызматтарын же электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын үзгүлтүксүздүгүн бузууга алып келиши мүмкүн болгон же Улуттук банкка берилген отчеттуулуктун/маалыматтын толуктугуна жана аныктыгына шек жараткан терс тенденциялар аныкталса;
- көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууларды аныктоо;
- Улуттук банктын талаптарын, жазма буйруктарын жана/же чечимдерин аткарбоо;
- таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында көзөмөлгө алынган уюмга карата берилген Улуттук банктын жазма буйруктары жана/же талаптары көзөмөлгө алынган уюм тарабынан аткарылгандыгын текшерүү зарылдыгы;
- көзөмөлгө алынган уюмдун (көзөмөлгө алынган уюм менен байланышы бар) уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери, кызмат адамдары ортосунда келишпестиктер (чыр-чатак) жөнүндө маалымат/билдирүүлөр/кайрылуулар болсо, ошондой эле төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана/же электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системаларын бузууга жана/же төлөм кызматтарынын колдонуучулары алдында милдеттенмелердин аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн болгон башка окуялар же жагдайлар болсо;
- укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан көзөмөлгө алынган уюм мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө же инспектордук текшерүү жүргүзүүнү талап кылган башка жагдайлар жөнүндө маалымат түшсө.
5-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
25. Инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн курамында кеминде эки адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, анын курамына Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же областтык башкармалыктарынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кириши мүмкүн. Текшерүү тобунда жетекчи жана текшерүү тобунун мүчөсү/мүчөлөрү дайындалат (мындан ары – Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзөмөлгө алынган уюмда инспектордук текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу экендигин тастыктаган документ катары ушул Нускоонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн жак тарабынан кол коюлган текшерүүгө жолдомо саналат (ушул Нускоого карата 1-тиркеме).
26. Инспектордук текшерүү жүргүзүлүүчү мөөнөт көзөмөлгө алынган уюмдун ишин текшерүүгө берилген жолдомодо көрсөтүлөт.
Зарыл учурда, инспектордук текшерүү мөөнөтү ушул Нускоонун 33-пунктунда каралган тартипте узартылышы мүмкүн.
Мында инспектордук текшерүүнүн жалпы мөөнөтү мөөнөтүн узартууну эске алуу менен 60 (алтымыш) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.
27. Эгерде инспектордук текшерүү пландан тышкары жүргүзүлүп жатса текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү баштала турган күндөн кеминде 10 (он) жумуш күн мурда көзөмөлгө алынган уюмга текшерүү предмети боюнча берилүүгө тийиш болгон документтердин/маалыматтардын/системалардын (кароо режиминде) тизмесин тиркөө менен билдирүү кат жөнөтөт (ушул Нускоого карата 2-тиркеменин формасы боюнча).
Бул Нускоого карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн документтердин/маалыматтардын/системалардын тизмеси ар бир учурда инспектордук текшерүүнүн милдеттерине, максаттарына, мөөнөттөрүнө жана көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү/толукталышы мүмкүн.
28. Инспектордук текшерүү башталган дата катары текшерүүгө жолдомодо көрсөтүлгөн дата же Улуттук банктын текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/башка ыйгарым укуктуу адамына текшерүүгө жолдомону тапшырган дата эсептелет.
29. Текшерүүгө жолдомонун түп нускасы көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/башка ыйгарым укуктуу адамына берилет. Текшерүүгө жолдомо көзөмөлгө алынган уюмга берилген күн жана убактысы жөнүндө белги, жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берет.
30. Инспектордук текшерүү жүргүзүлүүчү жерге келгенден кийин текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткаруучу адам) менен төмөнкү максаттарда жолугушуу өткөрөт:
- текшерүүгө жолдомону тапшыруу, инспектордук текшерүүнүн масштабы жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү үчүн;
- инспектордук текшерүүнү жүргүзүүнү талкуулоо үчүн;
- текшерүү тобунун мүчөсүнө/мүчөлөрүнө текшерүүгө бекитилген иш чөйрөлөрүн көрсөтүү менен аларды тааныштыруу үчүн;
- көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдары жана кызматчылары менен өз ара иш алып баруу тартибин жана байланышуу маселелерин аныктоо үчүн;
- инспектордук текшерүү предмети боюнча көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрүнө түшүндүрмө берүү үчүн.
31. Текшерүүнүн биринчи күнү көзөмөлгө алынган уюм ушул Нускоонун 27-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында көрсөтүлгөн бардык документтерди/маалыматтарды/системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер/маалыматтар/системага кирүү мүмкүнчүлүгү берилбеген учурда, ушул Нускоонун 40-пунктуна ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо актысы түзүлөт.
32. Текшерүү мезгилинде көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна жабдылган жумуш орундары бар өзүнчө бөлмө берүүгө милдеттүү. Бөлмөдө аудио жана/же видео жаздыруучу түзүлүштөр болбоого тийиш. Эгерде берилген бөлмөдө аудио жана/же видео жаздыруучу түзүлүштөр болсо, көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна текшерүү мезгилинде бул бөлмөдө түзүлүштөр өчүрүлө тургандыгы жана аудио жана/же видео жазуу жүргүзүлбөй тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берет.
33. Инспектордук текшерүү мөөнөтүн узартуу, текшерүү тобунун курамын өзгөртүү жана/же текшерүү үчүн кошумча маселелерди киргизүү зарыл болгон учурда текшерүүгө жолдомого карата толуктоо таризделет, ал да көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине/башка ыйгарым укуктуу адамына күчүнө кирген күнү тапшырылат (текшерүүгө жолдомого карата толуктоо күчүнө кирген күнү катары ага кол коюлган жана Улуттук банкта катталган күн эсептелет). Текшерүүгө жолдомого карата толуктоо текшерүүгө жолдомонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
34. Инспектордук текшерүү учурунда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна таанышуу жана изилдөө үчүн документтердин түп нускаларын берет. Өзгөчө учурларда, объективдүү себептер боюнча документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогондо, көзөмөлгө алынган уюм жетекчинин/башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган жана көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүп, документтердин түп нускалары берилбегендиги себептерин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт.
Текшерүү тобунун суроо-талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюм суралган документтердин электрондук версияларын (эгерде алар бар болсо) берет.
35. Текшерүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматчылары текшерүү тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүшү керек.
36. Көзөмөлгө алынган уюмдун имаратында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан мөөр басылгандыктан, текшерүү тобу текшерүү жүргүзүлүүчү жерге кирүүсүнө жана автоматташтырылган/маалыматтык системадагы зарыл документтерин/жазууларын кароого тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан учурда, инспектордук текшерүү иш-чарасы белгиленген текшерүү мөөнөтү аяктаганга чейин токтотулушу мүмкүн.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш-чараларын аяктагандан кийин инспектордук текшерүү кайрадан демилгелениши мүмкүн.
37. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- көзөмөлгө алынган уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жерлерге эркин кирүүгө;
- көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун агенттеринин/субагенттеринин ишин текшерүүгө. Бул учурда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна маалымат алууга жана агенттин/субагенттин жайларына кирүүгө, системаларын жана жазууларын кароого көмөк көрсөтүүгө тийиш;
- зарыл учурда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган жана мөөрү басылган тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн инспектордук текшерүүнүн материалдарына тиркөө үчүн алууга;
- көзөмөлгө алынган уюмдан, көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдарынан жана кызматчыларынан анын иши боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- инспектордук текшерүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги же башка ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча талап кылынган маалыматты даярдаган жана берген көзөмөлгө алынган уюмдун кызматчылары менен келип чыккан маселелер боюнча талкууларды түздөн-түз жүргүзүүгө;
- инспектордук текшерүүнүн кайсы болбосун этабында көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдары жана кызматчылары менен жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн протоколун аудио- жана/же видео жазуу аркылуу жүргүзүүгө. Мында сүйлөшүүлөр башталаар алдында бардык катышуучулар аудио- жана/же видео жазуу жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө эскертилиши керек;
- төлөм системасынын жана электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын (тиешелүү лицензия болгон учурда) натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды баалоо үчүн документтерди жана маалыматты суроо;
- суроо-талаптын негизинде көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/маалыматтык системаларын кароо, бардык жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат алуу (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу), ошондой эле зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн системалардан маалыматтарды жана отчетторду жүктөө укугуна ээ болуу;
- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын жана электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүү системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды талап кылууга жана алууга (тиешелүү лицензия болгон учурда).
38. Атайын режим киргизилген учурда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин атайын режимди киргизүү жөнүндө чечиминде жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо белгиленген иштерди аткарышат.
39. Көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылган учурда, текшерүү тобунун жетекчиси ушул Нускоого карата 3-тиркемеге ылайык форма боюнча инспектордук текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын (мындан ары – каршылык көрсөтүү актысы) эки нускада (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бир нускадан) түзөт.
Инспектордук текшерүүгө тоскоолдук кылуу катары төмөнкүлөр эсептелет:
- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө көзөмөлгө алынган уюмдун ишин жүзөгө ашыруу жайларына кирүү мүмкүнчүлүгүн бербөө;
- автоматташтырылган жана (же) маалыматтык системаларга (кароо режиминде) кирүүгө жол бербөө;
- инспектордук текшерүү предмети боюнча талап кылынган маалыматты жана документтерди, алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн же көзөмөлгө алынган уюмдун иши боюнча суроолорго түшүндүрмөлөрдү белгиленген мөөнөттө бербөө;
- инспектордук текшерүү учурунда белгиленген мөөнөттө автоматташтырылган/маалыматтык системалардан электрондук түрдө маалымат бербөө;
- текшерүү тобунун суроо-талабы боюнча маалыматтын толук эмес жана/же өз убагында берилбеши, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдары жана/же кызматчылары талап кылынган маалыматты (электрондук/кагаз түрүндө) бербеши;
- инспектордук текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер (аракеттенбей коюулар).
40. Көзөмөлгө алынган уюмда инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда орун алган кандайдыр бир фактыны жана/же окуяны каттоо зарыл болгон учурларда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Нускоого карата 4-тиркемеге ылайык форма боюнча инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо жөнүндө эки нускада акт (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бир нускадан) түзөт.
41. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө каршылык көрсөтүү актысына/аныкталган фактыларды жана/же окуяларды тастыктоо актысына (мындан ары – акт) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамы/кызмат адамдары/кызматчылары тарабынан кол коюлат.
Түзүлгөн актынын бир нускасы көзөмөлгө алынган уюмга берилет, экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Эгерде көзөмөлгө алынган уюм актка кол коюудан баш тартса же көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамы/кызмат адамдары/кызматчылары жок болсо, анда актта көрсөтүлгөн адамдар баш тарткандыгы/жок экендиги жөнүндө белги коюлат, ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен көзөмөлгө алынган уюмга жөнөтүлөт.
42. Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысында катталган инспектордук текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү фактылары көзөмөлгө алынган уюмга жана анын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
6-глава. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала жана жыйынтыкталган жолугушуулар
43. Инспектордук текшерүү аяктагандан кийин зарыл учурда текшерүү тобунун жетекчилиги/көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу адамдары менен алдын ала жолугушуу өткөрүлөт, ал көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары, көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде аныкталган кемчиликтер жана бузуулар жөнүндө маалымдоо, алдын ала тыянактарды жана мүмкүн болгон таасир этүү чараларын талкуулоо үчүн уюштурулат.
Көзөмөлгө алынган уюм алдын ала жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерилген ишкердик чөйрөлөрү боюнча айтылган маселелер боюнча өз пикирин жана түшүндүрмөлөрүн бере алат, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, белгиленген көйгөйлөрдү тактоого жана аныктоого, текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроолорду берүүгө укуктуу.
44. Текшерүү тобунун жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигинин/ыйгарым укуктуу адамдарынын алдын ала жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлууга тийиш.
Көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм протоколду алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде протоколго кол коюудан баш тартуу себептерин негиздөө менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. Мында Улуттук банк 3 (үч) жумуш күнү ичинде жолугушууда талкууланган негизги маселелер камтылган катты көзөмөлгө алынган уюмга жөнөтөт.
Көзөмөлгө алынган уюмдун протоколго кол коюудан баш тартуусу инспектордук текшерүү отчетун андан ары тариздөөнү токтотуу же токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
45. Инспектордук текшерүү аяктаган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнүнөн кечиктирбестен текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү тобу менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги/ыйгарым укуктуу адамдары ортосунда инспектордук текшерүү тыянактарын жана жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жыйынтыкталган жолугушуу уюштурат. Мында жыйынтыктыкталган жолугушуу зарыл учурларда бир нече бөлүк боюнча өткөрүлүшү мүмкүн (бирок жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде 3 (үч) жолудан ашык эмес). Жолугушууга инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө тартылган инспекторлор, ошондой эле зарыл болгон учурда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги/областтык башкармалыгынын начальниги/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору (көзөмөлгө алынган уюмдун жайгашкан жерине жараша) же аларды алмаштырган адамдар, төраганын Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү жана/же Улуттук банктын башка өкүлдөрү/кызматчылары катышууга тийиш.
46. Жыйынтыкталган жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси/мүчөлөрү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине/ыйгарым укуктуу адамдарына инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тыянактар жөнүндө маалымдайт, аларда төмөнкүлөр камтылат:
- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган, көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу учурлары;
- учурдагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымат системасына жана ички контролдоо системасына баа берүү;
- тобокелдиктерди башкаруу системасына баа берүү;
- жана/же белгилүү бир инспектордук текшерүүнүн милдеттерине жана максаттарына ылайык башка корутундулар.
47. Жыйынтыкталган жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине/ыйгарым укуктуу адамдарына инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт, ошондой эле (зарыл учурда) көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү четтетүү үчүн алгылыктуу чечимдерди жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн сунуштайт.
48. Жыйынтыкталган жолугушуудан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде анда талкууланган бардык маселелер катталган протокол түзүлүп, ага кол коюлат. Жыйынтыкталган жолугушуунун протоколуна текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси кол коёт.
Көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү жыйынтыкталган жолугушуу боюнча протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм протоколду алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде протоколго кол коюудан баш тартуу себептерин негиздөө менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. Мында, Улуттук банк 3 (үч) жумуш күнү ичинде акыркы жолугушуунун жүрүшүндө талкууланган негизги маселелер баяндалган катты көзөмөлгө алынган уюмга жөнөтөт.
7-глава. Инспектордук текшерүү боюнча отчет
49. Инспектордук текшерүү жыйынтыктары Улуттук банктын инспектордук текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган жазуу жүзүндөгү отчет менен таризделет, ал эки нускада түзүлөт – бир нускасы Улуттук банк үчүн жана бир нускасы көзөмөлгө алынган уюм үчүн.
50. Инспектордук текшерүү отчетунда Улуттук банк көзөмөл функцияларын аткарууда пайдалануусу үчүн текшерүү жыйынтыктары жана инспектордук текшерүү жыйынтыктары жөнүндө башкаруунун аткаруу жана байкоо (эгерде бар болсо) органдарына, ошондой эле эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болсо, уюштуруучуларга/катышуучуларга/акционерлерге маалымдоо үчүн чагылдырылат.
51. Инспектордук текшерүү отчетунда текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары жөнүндө маалымат берилет, анын ичинде бардык олуттуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер, көйгөйлөр жана көзөмөлгө алынган уюм тарабынан аныкталган бузууларды жоюу жана/же көзөмөлгө алынган уюмдун ишин жакшыртуу максатында көрүлүшү зарыл болгон чаралар жөнүндө маалымат берилет.
52. Инспектордук текшерүү отчету Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана анда үчүнчү жактарга жарыяланбоого тийиш болгон купуя маалыматтар камтылат. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү отчетунун сакталышын камсыз кылууга тийиш жана аны (толугу менен же жарым-жартылай) кагаз же электрондук түрдө үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.
53. Көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту (толугу менен же жарым-жартылай) үчүнчү жактарга өткөрүп берүү зарыл болгон учурда (тышкы көз карандысыз аудит жүргүзүү, консультациялык кызматтарды алуу жана башка иш-чаралар үчүн) мындай өткөрүп берүү (көзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
8-глава. Таасир этүү чаралары
54. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуулар аныкталган учурда, Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмга жана анын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте таасир этүү чараларын колдонот.
55. Көзөмөлгө алынган уюмдун бузууларды четтетүү, сунуштарды жана таасир этүү чараларын аткаруу боюнча иш-чаралар планы Улуттук банкка 15 (он беш) жумуш күнү ичинде берилет, мында эгерде Улуттук банктын расмий кат алышуу аркылуу жөнөтүлгөн эскертүүлөрү же башка таасир этүү чаралары менен коштолгон катында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө.
9-глава. Инспектордук текшерүү отчету менен таанышуу
56. Инспектордук текшерүү отчету көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу адамына инспектордук текшерүү жыйынтыгы боюнча акыркы жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен "Кызматтык пайдалануу үчүн" белгисин коюу менен колго тапшыруу же атайын байланыш аркылуу коштомо кат менен жөнөтүлөт.
57. Инспектордук текшерүү отчетуна тиркелген коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- көзөмөлгө алынган уюм отчетто камтылган сунуштарга/талаптарга жараша аныкталган бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш (анын ичинде аныкталган бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын түзүү жана Улуттук банкка жөнөтүү);
- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул Нускоонун 5-тиркемесиндеги форма боюнча отчет менен таанышып чыгуу баракчасына көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо (болгон учурда) органдарынын мүчөлөрүнө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда, анын уюштуруучуларына/ катышуучуларына/акционерлерине кол койдуруу зарылдыгы. Мында, отчетто камтылган тыянактарга жана корутундуларга макул эместиги таанышып чыгуу баракчасына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт.
58. Көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо (эгерде бар болсо) органдарынын мүчөлөрү, уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери (эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болсо) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып, таанышуу барагына кол коюшу керек.
Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери юридикалык жак болсо, анда таанышуу барагына юридикалык жактын аткаруу органынын жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт, анын кол тамгасы ушул юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт (эгерде мындай юридикалык жактын атынан анын кол тамгасын мөөр же башка тастыктоочу реквизиттер менен күбөлөндүрүү укугу жана талабы жок ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү иш алып барса, анда андай учурлар буга кирбейт). Эгерде таанышуу барагына аткаруу органынын жетекчисинен башка ыйгарым укуктуу өкүл кол койсо, анда Улуттук банкка тиешелүү тастыктоочу (ыйгарым укук берүүчү) документтер берилиши керек.
Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышып чыгуу баракчасы көзөмөлгө алынган уюмдун коштомо каты менен Улуттук банктан коштомо кат менен отчет алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Улуттук банкка жөнөтүлөт.
Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун таанышып чыгуу баракчасына кол коюуга милдеттүү болгон адамдар резидент эмес болуп эсептелсе, анда көзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча таанышып чыгуу баракчасын Улуттук банкка берүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
59. Көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу жана байкоо органынын (болгон учурда) бул же тигил мүчөсү жана/же анын уюштуруучусу/катышуучусу/акционери жок болгон учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген убакыт аралыгында алар менен байланыш түзүү мүмкүн болбогон учурда, көзөмөлгө алынган уюм отчет алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка башкаруунун байкоо органынын тигил же бул мүчөсү жана/же көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери отчет менен таанышып чыгуу баракчасына кол коё албагандыгынын себеби жөнүндө маалымдоого тийиш. Мында, таанышуу баракчасы Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө көзөмөлгө алынган уюмдун ордунда жок адамдарынын колу коюлбастан жиберилиши мүмкүн, андан кийин Улуттук банкка таанышуу жөнүндө өзүнчө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт.
60. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттанууга жол берилбейт.
61. Көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнүн тыянактарынын жана натыйжаларынын негизинде колдонулган таасир этүү чараларына карата Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга жол берилет.
|
| Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоого карата 1-тиркеме
|
|
__________________________________________________________________________________________________________(төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы) ишин текшерүүгө ЖОЛДОМО
Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү кызматчылары:
1. _____________________________________________________________________;
(аты-жөнү жана кызматы)
2. _____________________________________________________________________;
(аты-жөнү жана кызматы)
3. _____________________________________________________________________;
(аты-жөнү жана кызматы)
4. _____________________________________________________________________;
(аты-жөнү жана кызматы)
5. _____________________________________________________________________,
(аты-жөнү жана кызматы)
20___-жылдын «___» ___________ тартып ____ жумуш күн мөөнөтүнө __________________________ (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) ишине инспектордук текшерүү жүргүзүүгө жөнөтүлөт. Текшерүү мезгил аралыгында күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/ |
|
|
Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/ Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору/Аты-жөнү |
|
|
|
| Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоого карата 2-тиркеме | |||
|
| __________________________________________ Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы жана дареги | |||
|
|
|
|
| |
БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___-жылдын «___» ____________ тартып (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы) (филиалдарын кошо алганда) (мындан ары – Коом) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине комплекстүү/максаттуу текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
Текшерүү тобунун мүчөлөрү Коомдо текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүүсү, ошондой эле текшерүү убактысын үнөмдөө максатында, ушул билдирүүгө карата тиркемеге ылайык текшерилүүчү документтерди жана маалыматтарды даярдап коюу зарыл. Мында Коомдун иши боюнча документтер жана башка маалыматтар текшерүү тобунун мүчөлөрү текшерүүгө келген күнү берилүүгө тийиш. 20__-жылдын «___» ____________ тартып 20___-жылдын «___» _____________ чейинки мезгил аралыгы үчүн бардык документтер жана маалыматтар даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине берилүүгө тийиш.
Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө Коомдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин алдын ала ____________________________ менен (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы, телефон номери) байланышуу зарыл.
Текшерүүдө _____ (санын көрсөтүү зарыл) текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу _____ адамга техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф (мүмкүн болсо), автоматташтырылган/маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган компьютер жана принтер) жумуш ордун даярдап коюу зарыл.
Текшерүү тобунун мүчөлөрүнө текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүнү, Коомдун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине суроо берүү, ошондой эле текшерүү үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну өтүнөбүз.
Тиркеме: Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/кароого алынуучу системалардын тизмеги – ____ б.
Урматтоо менен,
Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/ |
|
|
Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/ Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору/Аты-жөнү
|
|
|
Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/кароого алынуучу системалардын ТИЗМЕГИ
1. Уюштуруу документтери (уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав), каралып жаткан мезгил үчүн уюмдун жогорку, байкоо (эгерде болсо) жана аткаруу органдарынын чечимдери.
2. Уюмдун ишин жөнгө салуучу жана анын саясаты аныкталуучу документтердин топтому (ички ченемдик документтер: жоболор, эрежелер, саясаттар, нускоолор ж.б. ички документтер).
3. Текшерүү жүрүп жаткан мезгил үчүн уюмдун уюштуруу түзүмү жана штаттык тизими.
4. Кызмат ордун, байланыш телефондорун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен уюмдун кызматкерлеринин тизмеси.
5. Агенттердин/субагенттердин/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалымат базалары.
6. Чейректер боюнча бөлүштүрүлгөн финансылык отчеттор, текшерилүүчү мезгил үчүн салык органдарына берилген отчеттор/декларациялар.
7. Коммерциялык банктар/агенттер/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимдер.
8. Уюм сунуштаган операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн тизмеси (негизги иштин түрлөрүнө кошумча катары, төлөм системаларынын категориялары, төлөмдөрдү кабыл алуу/жүргүзүү инструменттеринин түрлөрү боюнча).
9. Аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) боюнча маалыматтар жана документтер (техникалык тапшырмалары жана талаптары тиркелген программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча келишимдер, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (башка иштеп чыгуучу катышкан учурда), системалардын паспорту, АПКны өндүрүштүк пайдаланууга берүү актылары жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналдары, сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы, АПКнын коопсуздугун текшерүү протоколдору, сервердик жайларды жайгаштыруу үчүн документтер ж.б.).
10. Чарба келишимдери (банктык эсептерди ачуу жана аларды тейлөө, Коомдун кеңсесин жана анын айрым бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн жайларды ижарага алуу/сатып алуу, вируска каршы программалык камсыздоону сатып алууга лицензиялык келишимдер ж.б.).
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен текшерүү мезгилиндеги кат алышуулар.
12. Башка документтер (зарыл болсо).
|
| Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоого карата 3-тиркеме |
Инспектордук текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү АКТЫСЫ
(төлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы)
______________________________________________________________________ (жайгашкан орду, дареги, телефону)
_________________________________ 20__-жылдын «___» __________________________ (түзүлгөн жер жана датасы)
Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан
______________________________________________________________________
(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү)
ушул акт түзүлүп, мында ______________________________________________________________________
(төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы, кызматкерлердин аты-жөнү)
кызматкери уюмдун ишине текшерүү жүргүзүүдө төмөнкү каршылык көрсөткөн:
_________________________________________________________________
______________________________________________________________________ (имаратка же жайга кирүүдө каршылык көрсөтүлгөн, инспектордук текшерүү учурунда топтун мүчөлөрү талап кылган документтер/маалыматтар/системаларды кароо мүмкүнчүлүктөрү белгиленген мөөнөттөрдө берилген эмес, башкалар).
Инспектордук текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылынгандыгына байланыштуу текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан
________________________________________________________________
(төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы, кызматчылардын аты-жөнү)
кызматкерге төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу эскертүү берилди.
Актыны төмөнкүлөр түзүштү:
________________________ | ______________________ | ______________________ |
(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
Акт менен таанышып чыктык, белгиленген фактыларга/окуяларга макулбуз:
________________________ | _____________________ | ____________________ |
(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлердин аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
Актынын экинчи нускасын алган адам:
____________________ | ______________________ | ________________________ |
(Уюмдун өкүлүнүн/ кызматкерлердин аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
|
| Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоого 4-тиркеме |
Инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыларды
жана/же окуяларды тастыктоо жөнүндө АКТ
______________________________________________________________________ (төлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы)
______________________________________________________________________ (жайгашкан орду, дареги, телефону)
_____________________________________ 20__-жылдын «___» ______________________ (түзүлгөн жери жана датасы)
Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери
______________________________________________________________________
(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү)
тарабынан төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлдү:
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
(белгиленген фактылар жана/же окуялар көрсөтүлөт)
Актыны төмөнкүлөр түзүштү:
__________________________ | ________________________ | ________________________ |
__________________________ | ________________________ | ________________________ |
(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
Акт менен таанышып чыктык, белгиленген фактыларга/окуяларга макулбуз:
__________________________ | ________________________ | ________________________ |
__________________________ | ________________________ | ________________________ |
(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлердин аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
Актынын экинчи нускасын алган адам:
__________________________ | ________________________ | ________________________ |
(Уюмдун өкүлүнүн/ кызматкерлердин аты-жөнү) | (кызмат орду) | (кол тамгасы) |
|
| Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоого 5-тиркеме |
Инспектордук текшерүү жөнүндө отчёт менен ТААНЫШУУ БАРАГЫ
______________________________________________________________________ (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы)
Биз, төмөндө кол койгон __________________________________________________
(төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы)
башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруунун байкоо органынын мүчөлөрү (эгерде болсо), ошондой эле уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери (уюмдун уюштуруу түзүмүндө башкаруунун байкоо органы жок болгон учурда), ______________________________ (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) 20___-жылдын «___» _______________ 20___-жылдын «___» _______________ чейинки мезгилде жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчеттун мазмуну менен жеке тааныштык.
20___-жылдын «___» ____________ отчёт
Аты-жөнү жана кызмат орду | Дата | Кол тамгасы |
_______________________________ | __________________ | _______________________ |
_______________________________ | __________________ | _______________________ |
_______________________________ | __________________ | _______________________ |
_______________________________ | __________________ | _______________________ |
_______________________________ | __________________ | _______________________ |
* Эскертүү: башкаруунун аткаруу/байкоо органдарынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен, уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин-юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн кол тамгалары – өкүлү болгон юридикалык жактын мөөрү менен (өкүл кол тамгасын күбөлөндүрүүнү талап кылбастан, ишеним каттын негизинде иш алып барган учурларды кошпогондо) күбөлөндүрүлөт.