Редакцияот 24.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

 

2021-жылдын 24-ноябрындагы № 11

Савай айыл өкмөтүнө карашту Кең-Сай айылындагы «Савай-Суу» мунципиалдык ишканасынын штаттык бирдигин жана төлөмдөр тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кең-Сай айылындагы «Савай-Суу» мунципиалдык ишканасынын штаттык бирдиги төмөнкүдөй бекитилсин

Жетекчи-1орун

Эсепчи-1орун

Жумушчу-2орун

Жалпысы 4 штат

 

2. Кең-Сай “Савай-Суу” Мунципиалдык ишканасынын тарифи 1 айга Cыртан суу пайдалануучуларга 100 сом, үй ичинен сууну пайдалануучуларга 150 сом бекитилсин.

 

3. Бекитилген төлөм тарифтери боюнча иш алып бару жагы “Савай-Суу” мунципиалдык иш канасынын жетекчисине милдеттендирилсин

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрагасы

Абдумалик уулу Нурбек