КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Капчыгай айылдык Кенешинин (VII –шайланган) кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 3.1
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кара-Бел жайлоосуна каттоочу жолго ат коюу жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кара-Бел жайлоосуна кетүүчү жолго ат коюу боюнча Кара-Таш айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы протоколунун чечимине ылайык, ошондой эле Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин берген маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.
2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кара-Бел жайлоосуна каттоочу жолго Мамеков Мыйманаалы Төкөшовичтин ысымы берилип, “Мамеков Мыйманаалы Төкөшович атындагы жол” деп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеңешинин Төрагасы | С.Калыбаев |