КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Капчыгай айылдык Кенешинин (VII –шайланган) кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4.1
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча Кара-Таш айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 20-октябрындагы протоколунун чечимине ылайык, ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын айыл башчысы Д.Азимбаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын 2021-жылдын 20-октябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.
2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Чоң-Талды-Суу көчөсүнө Абдыраев Илияздын, Кичи-Талды-Суу көчөсүнө Акин уулу Үсөн жана Кара-Ой көчөсүнө Курбанбаев Шерматтын ысымы берилип, Кара-Таш айылындагы көчөлөр Абдыраев Илияз , Акин уулу Үсөн жана Курбанбаев Шермат атындагы көчөлөр деп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеңешинин Төрагасы | С.Калыбаев |