ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 3-июнундагы № 1
“Айыл өкмөт башчысы кызматына шайлоо өтпөдү деп эсептөө жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Папан айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июнундагы протоколдору бекитилсин.
2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайлоо өтпөдү деп эсептелсин.
Папан айылдык Кенешинин төрагасы : | Тагаев Төрөгелди Төлөкбаевич |