Редакцияот 03.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

       ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ                   

 

 

Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2025-жылдын 18-августундагы «Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жөнүндө» №31/17-15 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

2026-жылдын июль айынын 7си  №31/30-4                   

 

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 14-майындагы №01-8/1457 кайрылуусунун негизинде, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

 

  1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2025-жылдын 18-августундагы «Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жөнүндө» №31/17-15 токтомунун 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

-“таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөм жыл сайын 1-апрелине чейин төлөнсүн”.

 

  1. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                            Э.М.Молдобеков