Редакцияот 03.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 

                                      

      ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

 

                                                   ТОКТОМ              

 

 

Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

2026-жылдын июль айынын 7си  №31/30-5                  

 

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 25-майындагы №01-8/1598 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо Тартибине”, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

 

  1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/17-10 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-“2026-жылдын 1-майдан баштап” деген сөздөр алып салынсын;

-“2026-жылдын 1-июлунан баштап” деген сөз менен толукталсын.

 

  1. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:

          2-1.“Чолпон-Ата шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына    

          объекттерди кошууга техникалык шарттарды алууга тариф   

          төмөндөгүдөй бекитилсин:

-калк үчүн-3617,81 сом;

-башка колдонуучулар үчүн- 7167,91 сом”

 

  1. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                              Э.М.Молдобеков